ИЛИМ КҮНҮ — АКАДЕМИЯДА

  • 11.11.2017
  • 0

ИЛИМ КҮНҮ - АКАДЕМИЯДА

Өткөн жумада 10-ноябрь — Эл аралык илим күнүнө карата Улуттук илимдер академиясында салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Майрамдык салтанатка КР премьер-министри Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, окумуштуулар, коомдук ишмерлер жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышты.

Жакшы сөз ийгиликке өбөлгө

Илим күнү академиянын жана жогорку окуу жайларынын окумуштууларынын илим жана инновация тармагындагы жетишкендиктерин тастыктаган көргөзмө менен башталды. УИАнын президенти, академик М. Жуматаев иш-чараны ачып жатып: «Урматтуу салтанаттуу жыйындын катышуучулары, илим бул өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү гана болбостон, жалпы эле социалдык чөйрөнү өөрчүтүүдөгү эң маанилүү булак. Андыктан илим изилдөө ишинин жаңы багыттарын жана жаңы маалымат технологияларын өздөштүрүүгө кошкон салымыңар, адистерди даярдоодогу үзүрлүү жана чыгармачыл эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем», — деди.

Ал эми премьер-министр Сапар Исаков окумуштууларды майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын мындан аркы өсүп-өнүгүүсү илим адамдарынан жана илим чөйрөсүндө жүрүп жаткан кадамдардан көз каранды экенин айтты.

— Сиздер, бир чоң  жамаат, бир муштум болуп ар кайсы тармакта иш алып барсаңар Кыргызстаныбыз өнүгөт. Бекеринен өкмөттүк программабызда «Из калтыруучу илим» деп айтып жаткан жокпуз. Себеби илим өнүгүү жолунда эң  маанилүү курал.   Азыркы «Таза коом» долбоорун ишке ашыруу үчүн илимий изилдөөлөр жана илимий ачылыштар зарыл. Андыктан баарыбыз бирдиктүү иш алып баруу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошо алабыз. Жакшылыктар, ийгиликтер көп болсун. Бир бололу, бар бололу», — деди премьер-министр өз сөзүндө.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары А.Кодуранова да окумуштууларды кесиптик майрамы менен куттуктап, УИА буга чейин бир катар кыйынчылыктарды, сыноолорду башынан өткөрүп келгенин, ага карабай иштерине берилүү менен болгон мамиле Улуттук илимдер академиясын жогорку илимий мекеме катары сактап калганын белгиледи.

«Учурда жаш илимпоздор көбөйүп, Кыргызстанды чет жакка да таанытып атышат. Алдыда Кыргызстандын экономикасына зор салым кошуп, ак кызмат өтөй берүүңүздөргө тилектешмин. Сиздерге терең  ыраазычылык билдирем», — деди.

Мындан сырткары ЖКнын депутаты А.Токторов да куттуктоо сөзүн айтып, окумуштууларга ийгилик каалады.

Ошондой эле бир катар окумуштууларга илим изилдөөдөгү жетишкендиктери үчүн «УИАнын эмгек сиңирген ишмери» наамы, Билим берүү жана илим министрлигинин грамоталары тапшырылып, «Clаrivаte Analytics» (Thomson Reuters) компаниясынын өкүлдөрү мыкты рейтингге жетишкен кыргызстандык окумуштууларга сыйлыктарды ыйгарды.

Жаш окумуштууларга дем берген конкурс

Салтанаттын аягында Академиянын илим изилдөө мекемелеринин жаш окумуштуулар арасында өткөрүлгөн «Жаш окумуштуулардын инновациялык долбоору — 2017» илимий иштер сынагынын жеңүүчүлөрүнө да сыйлыктар тапшырылды. I даражадагы диплом жана 10 миң сом сыйлыгын Кадыркулов Уланбек (УИАнын Химия жана фитотехнология институту), Бекешова Миргүл, Качкынбай кызы Айгүл (Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту), Вержунов Сергей Николаевич (УИАнын автоматика жана маалымат технологиялар институту) жана Рыскул кызы Гүлзат (УИАнын физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институту) алышты. Башка окумуштуулар да II-III даражадагы диплом жана 7, 5 миң сом менен сыйланышты.

Бул конкурс Академияда жаштарды илимге кызыктыруу максатында биринчи жолу уюштурулуп жатканын жетекчилик билдирди.

«Clаrivаte Analytics» (Thomson Reuters) уюму жөнүндө маалымат

2015-жылдын 16-апрелинде КР өкмөтүндө Кыргыз Республикасында илимий уюштуруу системасын реформалоо концепциясы кабыл алынып, анда илим тармагында реформа жүргүзүүнүн негизги максаттары белгиленген.  Илимди реформалоо концепциясында көрсөтүлгөн иш-чаралар Илим департаменти тарабынан аткарылууда. Ал 2015-жылдын 15-сентябрында түзүлгөн. КР өкмөтү алдында илим инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш түзүлүп, жаңы илимий ачылыштарды конкурстук негизде каржылайт. Жаңыдан түзүлгөн илим департаменти мамлекеттик илимий техникалык саясатынын негизги багыттарын иш жүзүнө аткарат. 2016-жылы КР Билим берүү жана илим министрлиги «Clаrivаte Analytics» (Thomson Reuters) уюму менен келишим түзгөн. Кыргызстандык илимпоздордун эл аралык Web of Science тизмесине кирген журналдарга өздөрүнүн илимий макалаларын жарыялай алышат. Web of Science дүйнөнүн 7 миңден ашык илимий уюмдары, 20 миллионго жакын илимпоздор пайдаланышат. 2017-жылы жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүн колдоо максатында эң  мыкты илимий изилдөөгө конкурс жарыяланып, 69 жаш илимпоздун ичинен 31 жаш окумуштууга 3 млн. сом грант берилди.

 

Вержунов Сергей, техника илимдеринин кандидаты, УИАнын автоматика жана маалымат технологиялар институту, биринчи даражадагы дипломдун ээси:

ИЛИМ КҮНҮ - АКАДЕМИЯДА

— УИАсында төрт жылдан бери иштеп келем. Бул жакта иштөө мага абдан жагат. Биринчиден, мен өзүмдүн институтума ыраазычылык билдирип кетким келет. Анткени институт мага шарт түзүп бербегенде мындай дипломго жетмек эмесмин. Бардыгыбыздын илимге болгон салымыбыз келечекте экономиканын өсүүсүнө, жашоо шартыбыздын жакшырышына өбөлгө болуп, жыйынтыгын бермек.

Качкынбай кызы Айгүл, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, биринчи даражадагы дипломдун ээси:

ИЛИМ КҮНҮ - АКАДЕМИЯДА

— Мындан бир нече ай мурун Илим күнүнө арналган «Жаш окумуштуулар — 2017» конкурсу жарыяланган. Бул конкурска өзүбүздүн илимий эмгектерибиз менен катышып, натыйжасында менин эмгегим биринчи орунга татыктуу болуп, диплом менен сыйланып отурам. Айтайын дегеним, жаш окумуштууларга көңүл буруп, моралдык, материалдык жактан колдоо кылып жаткан жетекчиликке чоң  ыраазычылык билдирем. Мындан ары дагы стимул бере турган конкурстар көп-көп болушун каалар элем.

Бизде качан кабыл алынган?

Дүйнө жүзүндө жыл сайын 10-ноябрда илимге пайда келтирүү үчүн коомчулуктун аң-сезимин жогорулатуу максатында Бүткүл дүйнөлүк илим күнү белгиленет. Майрамдын расмий жана толук аталышы — Тынчтык жана өнүгүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк илим күнү (World Science Day for Peace and Development). Бул күн коомчулукка пайда алып келүү үчүн илимге жоопкерчиликтүү мамиле кылууну, адамдардын илим тармагында маалыматка ээ болуу деңгээлин жогорулатууну максат кылат.

Кыргызстанда 10-ноябрды илим күнү деп белгилөө боюнча токтом 2002-жылы 14-январда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер