ИЛИМ ЧӨЙРӨСҮ 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТАЛКУУЛООНУ УЛАНТУУДА

  • 23.04.2024
  • 0

22-апрелде Б.Турусбеков атындагы кыргыз мамлекетик дене тарбия жана спорт академиясында “12 жылдык билим берүү: дүйнөлүк тенденциялар жана илимий негиздөөлөр” темасында тегерек стол өткөрүлдү.

ИЛИМ ЧӨЙРӨСҮ 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТАЛКУУЛООНУ УЛАНТУУДА

Тегерек столдун жүрүшүндө 12 жылдык билим берүүдөгү дүйнөлүк тенденциялар жана илимий негиздөөлөр, окуучулардын кесиптик билим алуусунун мүмкүнчүлүктөрү, чет өлкөдөгү 12 жылдык окуу системасынын өзгөчөлүктөрү жана мектептердеги дене тарбия сабагын ыңгайлаштыруу маселелерине арналган маселелер талкууланды.

ИЛИМ ЧӨЙРӨСҮ 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТАЛКУУЛООНУ УЛАНТУУДА

Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана инновациялар башкармалыгынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжигит Токтошев “Инновациялык цикл коомдук өнүгүүнүн базалык модели: 12 жылдык окуу системасына өтүүнүн зарылчылыктары темасында баяндама жасады.

Ошондой эле тегерек столдун катышуучулары “Он эки жылдык билим берүү — окуучулардын кесиптик билим алуусунун мүмкүнчүлүктөрү”, “12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн илимий негиздери”, “Инженердик-техникалык артыкчылыкка басым жасоо менен 12 жылдык билим берүү жолун өнүктүрүү келечеги” жана “Чет өлкөдөгү 12 жылдык окуу системасынын өзгөчөлүктөрү” темаларында баяндамаларды угушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер