ИЙГИЛИККЕ ЖЕТҮҮНҮН СЫРЛАРЫ

  • 21.02.2020
  • 0

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде салтка айланган “Ийгиликке жетүүнүн сырлары” деген темада кураторлук саат өттү. Сабакты дене тарбия боюнча жетекчи Руслан Джакыбалиев өткөрдү. Жолугушууда дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Европанын эки жолку жеңүүчүсү, олимпиада чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер К.Осмоналиев студенттерге таасирдүү, кызыктуу маек куруп берди. 

ИЙГИЛИККЕ ЖЕТҮҮНҮН СЫРЛАРЫ

Окутуучу сабактын башында ийгиликке жетүү үчүн беш нерсени адат кылып алыш керек экендиги жөнүндө видеослайд көрсөттү.  Ал: эрте туруу; китептерди көп окуу; ден соолукка кам көрүү; убакытты туура пайдалануу  жана алдыга максат коюу.

ИЙГИЛИККЕ ЖЕТҮҮНҮН СЫРЛАРЫ

ИЙГИЛИККЕ ЖЕТҮҮНҮН СЫРЛАРЫ

ИЙГИЛИККЕ ЖЕТҮҮНҮН СЫРЛАРЫ

  • Иш-чарага ийгиликтүү адамдардын бири катары дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Европанын эки жолку жеңүүчүсү, олимпиада чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер К.Осмоналиев агайыбыз чакырылып, студенттер менен окутуучуларга кызыктуу маек куруп берди, — дейт директордун тарбия иштери боюнча орун басары А.Рысалиева.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер