ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ ЖОЛ

  • 05.03.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык «Балажан» окуу-методикалык эстетикалык тарбия берүү борбору Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосунда «Ийгиликке карай жол» аттуу балдардын республикалык сүрөт сынагын өткөрүүдө.

ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ ЖОЛ

Республикалык сынактын максаты – балдарды чыгармачылыка үндөө, билимдин инсандын калыптанышында маанилүү ролу жөнүндө ойлонууга түрткү берүү.

  • Адамдын жашоосунда билимдин ролу абдан зор. Билим жакшы кесипке ээ болууга, жашоодо ийгиликтүү болууга жардам берет. Сенин жашооңдо билим кандай ролду ойной турганын — сүрөткө тарт. Жана билим ийгиликке жетүүдө эмне үчүн абдан маанилүү? – деп белгилешет уюштуруучулар.

Сынакка 7ден 16 жашка чейинки балдар катыша алышат. Ар кандай техникада (гуашь, акварель, түстүү карандаштар, бор ж.б) аткарылган жумуштар кабыл алынат.

Жумуштар 2019-жылдын 20-мартына чейин “Балажан” борборунда кабыл алынат, дареги: 720021, Бишкек ш., Московская көч., 53.

Сынактык мыкты жумуштар көргөзмөлөргө коюлат. Көргөзмөнүн ачылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2019-жылдын апрель айында өтөт. Сынактын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланат.

Сынактын жобосу менен КР Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан таанышсаңыздар болот: http://edu.gov.kg/ru/. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн 0 (0312) 38 32 60, 0 (312) 88 12 11 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер