ИИУ КЭУ- СЕНИН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮҢДҮН ТАҢЫ

  • 16.05.2023
  • 0

ИИУ КЭУ- СЕНИН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮҢДҮН ТАҢЫ

Инновациялык экономика үчүн креативдүү кадрлар жана ийгиликтүү ишкерлер

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университети (ИИУ КЭУ) 2023-2024-окуу жылы үчүн төмөнкү багыттар/адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт.

ЭКОНОМИКА

► Финансы жана насыя

► Исламдык каржылоо

► Финансы технологиялары

► Эл аралык финансы (англис тилинде)

► Салыктар жана салык салуу

► Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит

► Банктык жана банктык эмес сектор

► Экономикалык коопсуздук

► Мамлекеттик финансылык көзөмөл

► Ислам банкинги

► Эл аралык экономикалык мамилелер

► Тышкы экономикалык ишмердүүлүк жана эл аралык соода (англис тилинде)

► Экономикадагы математикалык методдор

► Экономика жана статистика

► Экономика жана маалыматтарды талдоо

МЕНЕДЖМЕНТ

► Менеджмент (англис жана орус тилдеринде)

► Логистика жана ташып-жеткирүү түйүнүн башкаруу

► Бизнестин экосистемаларын башкаруу

► Шаарды өнүктүрүүнү башкаруу (урбанистика)

► Менеджмент-маркетинг

► Туризм тармагынын менеджменти

► Финансылык менеджмент

ТУРИЗМ

► Отель менеджменти (англис тилинде)

КОММЕРЦИЯ

► Ресторандык бизнес

► Товарларды таануу жана товарлардын сапатын экспертизалоо

► Товарларды башкаруу жана бажылык экспертиза

► Соода логистикасы

БИЗНЕСТИ БАШКАРУУ

► Бизнести башкаруу

► Эл аралык бизнес

БИЗНЕС –ИНФОРМАТИКА

► Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менеджери

► Электрондук бизнес

► Бизнес аналитика

► Компьютердик иллюстрация жана анимация дизайны

МААЛЫМАТ

СИСТЕМАЛАРЫ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАР

► Экономикадагы маалыматтык системалар

МААЛЫМАТ КООПСУЗДУГУ

► Кибер коопсуздук

УКУК БИЗНЕСИ

► Юриспруденция

СОЦИАЛДЫК ИШ

► Социалдык ишти уюштуруучу

► Практикалык психолог

► Социалдык педагогика

МАГИСТРАТУРА

Күндүзгү окуу – 2 жыл;

Онлайн окуу -2,5 жыл

2023-2024-окуу жылына магистрлерди даярдоо үчүн төмөнкү багыттар боюнча программалар сунушталат:

  • Экономика
  • Менеджмент
  • Бизнес башкаруу
  • Адам ресурстарын башкаруу
  • Бизнес-информатика
  • Комерция
  • Туризм

Экономика жана сервис колледжи АДИСТИКТЕР:

  • Экономика жана бухгалтердик эсеп
  • Финансы
  • Банк иши
  • Салыктар жана салык салуу
  • Юриспруденция
  • Туризм
  • Отел кызматы
  • Коомдук тамактануу продуктыларынын технологиясы.
  • Коомдук тамактанууда тейлөөнү уюштуруу.
  • Менеджмент (тармактар боюнча)
  • Мыйзам жана социалдык камсыздоону уюштуруу.
  • Социалдык педагогика.

ИИУ КЭУ- СЕНИН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮҢДҮН ТАҢЫ

Профессор Хайко Шрейдер:

— Бишкектин борборунда жайгашкан КЭУ бардык жаңычылдыктарга ачык, динамикалуу атмосферага ээ окуу жайы. Мен оффлайн жана онлайн лекцияларга бир нече жолу чакырылдым. Мага студенттердин ачыктыгы жакты. Алардын айрымдары менен маектешкенде, изилдөө темасына байланыштуу кызыктуу суроолорду беришти. Байкаганымдай, студенттердин ортосундагы байланыш бир туугандай жылуу, ошол эле учурда орундуу атаандаштык да бар.

КЭУнун студенттери англис тилинде экономикалык адабияттарды жана чет өлкөлүк меймандардын лекцияларын угат. Бул аларга орус тилдүү зонадан тышкары да эл аралык рынокко чыгууга жардам берип, артыкчылык берет.

Майрам Сыдыкбаева:

— Эл аралык туризм багыты боюнча англис тилдүү тайпада окуйм. Англис тилинде окуу кыйын, бирок келечекте жемиши таттуу болооруна ишенем. Профессорлор сабактарды кызыктуу жана жагымдуу, шыктандыра өтүшөт.

Программанын көрүнүктүү өзгөчөлүктөрүнүн бири — тез-тез экскурсиялар аркылуу практика жүзүндө үйрөнүүгө басым жасоо. Сабактардын дагы кызыктуу жери – чакырылган практик конок лекторлор. Ар түрдүү тармактардагы эксперттер, бул спикерлер туризм боюнча биздин түшүнүгүбүздү байытуучу уникалдуу перспективаларды сунушташат.

Мен туризм чөйрөсүндө карье-ра жасоону каалагандарга КЭУнун туризм багытын сунуштайм.

МПА ЕврАзЭС алдындагы университеттин КЭУда алмашуу программасы менен окуп жаткан студенти Георгий Туровский өз таасирлери менен төмөндөгүдөй бөлүштү:

— Мен КЭУга 2022-жылдын декабрь айында, ЕЭК конференциясы өткөндө келгем. Мыкты уюштуруу жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген кесипкөй спикерлердин катышуусу дароо эле күчтүү таасир калтырды. Ошентип, студент алмашуу программасын пайдаланып, КЭУда окууга мүмкүнчүлүк алдым. Студенттер үчүн көп сандагы иш-чаралардын болушу — университеттин ичинде ар кандай клубдардын активдүүлүгү КЭУда өткөн бул семестрден менде жакшы гана таасирлерди калтырды.

Сабактар башталгандан көп өтпөй ректор алмашуу программасы менен келген студенттерди жолугушууга чакырды. Бул мен үчүн абдан жагымдуу болду.

Орусиядагы окуумду КЭУда англис тилинде өткөргөнүм менен, билим берүү программалары синхрондолуп, бири-бирин улантты, менде эч кандай ыңгайсыздык болгон жок. Мен КЭУда окуумду дагы бир семестрге узарта алам деп үмүттөнүп турам.

ОКУУГА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕСИ:

Паспорт

Сүрөттөр 3х4 (6 даана)

ЖРТ сертификаты

Аскердик кызматка милдеттүүлөр үчүн аскердик билет же каттоо күбөлүгү

📌Орто жалпы, орто кесиптик билим жөнүндө мамлекеттик документ

Бишкек шаары,

Тоголок Молдо көч., 58

www.facebook.com/ keu.kg/

www.keu.kg

@keu.kg

0 (312) 32-51-20, 0(707)118-118

Бөлүшүү

Комментарийлер