ИИМдин кызматкерлери соцтармакта улут аралык кастыкты козуткан жаранды кармады

  • 04.09.2023
  • 0

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы социалдык тармакта улут аралык кастыкты козуткан 27 жаштагы жаран кармалганын билдирди.

ИИМдин кызматкерлери соцтармакта улут аралык кастыкты козуткан жаранды кармады

Мекеменин маалыматына ылайык, 2-сентябрда соцтармактарда белгисиз жарандын массалык маалымат каражаттарына регион аралык кастыкты козутуучу сөздөрдү айтып видеокайрылуу жасаган видеосу тараган.

Аталган факты Бишкек шаардык ИИББнын МЭЖне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган А.С. аттуу жарандын өздүгү такталып, Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына жеткирилген.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-амалдары улантылууда.

Ички иштер министрлиги эскертет, мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер