“И. РАЗЗАКОВДУН КЫРГЫЗ ССРИНИН ӨНҮГҮҮСҮНӨ КОШКОН САЛЫМЫ” АТТУУ ТЕМАДА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

  • 17.10.2020
  • 0

И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинде И.Раззаковдун 110 жылдыгына арналган “И. Раззаковдун Кыргыз ССРинин өнүгүүсүнө кошкон салымы” аттуу темада тегерек стол уюштурулду. Жыйын 2020-жылдын 15-октябрында саат 10:00до И.Раззаков атындагы КМТУнун жыйындар залында, Илим жана дасыкты жогорулатуу бөлүмү (ИжДЖБ) жана “Философия жана социалдык илимдер” кафедрасы тарабынан өткөрүлдү.

“И. РАЗЗАКОВДУН КЫРГЫЗ ССРИНИН ӨНҮГҮҮСҮНӨ КОШКОН САЛЫМЫ” АТТУУ ТЕМАДА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

Тегерек столду — И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору, ф-м.и.д., профессор Джаманбаев Мураталы Джузумалиевич ачты.

Тегерек столдун модератору, КМТУнун проректору, ф.-м.и.д., профессор Султаналиева Рая Мамакеевна, катышуучуларды жыйындын ачылышы менен куттуктап,  И.Раззаковдун Совет мезгилинде Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын өнүгүүсүнө, саясий түзүлүшүнө, экономикасынын калыптанышына жана улуттук инженердик кадрларды даярдоодо салымы баа жеткис экенин белгилеп өттү.

Тегерек столдо И.Раззаковдун ишмердүүлүгүнө жана анын жекече адамдык сапаты боюнча көз караштар, пикир алышуулар жана докладдар окулду.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана ЖОЖдордун көрүнүктүү тарыхчылары, илимий кызматкерлери жана профессор-окутуучу курамдары катышып, өз докладдарын баяндашты.

Жыйында ф.и.д., проф. Саралаев Нур Керимкулович, п.и.д., проф.  Жоробеков Жолборс Жоробекович, т.и.д., проф. Асанканов Аблабек Асанканович, ф.и.д., профессор Эдилова Мариям Миталиповна, ф-м.и.к. доц.,  КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Айтматова Розетта Төрөкуловна, т.и.к., доц. Алымкулов Нарынбек Ашыралиевич, ф.и.к., доц. Жумагулов Токтоке Жумагулович, проф. Козубаев Осконбай, ф.и.к., доц. Бапиев Ахматбек Сманалиевичтер катышышты.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер