“I LOVE ENGLISH BECAUSE… 2020” ПЛАКАТТАР СЫНАГЫ

  • 24.02.2020
  • 0

«Лингва» Инновациялык билим берүү коомдук фонду АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен «I Love English» долбоорунун алкагында плакаттар сынагын жарыялайт.

“I LOVE ENGLISH BECAUSE… 2020” ПЛАКАТТАР СЫНАГЫ

Англис тил мугалимдери бул сынакка окуучулары менен биргеликте катыша алышат. Алар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган англис тили жумалыгы алкагында жасаган плакаттын сүрөтүн жибериши керек.

Сынак 2020-жылдын 7-февралында саат 8:00 башталып, 2020-жылдын 16-мартында саат 17:00 аяктайт.

Биздин калыстар тобу Кыргызстандын ар бир облусунан үчтөн жеңүүчүнү тандап алат, жалпысынан жеңүүчүлөрдүн саны 21.

Конкурска катышуу үчүн 2020-жылдын 16-мартына чейин плакаттын сүрөтүн [email protected] электрондук дарегине Poster Competition 2020 аталышын коюп, жибериңиз. Биз сиздин плакатыңызды Facebook социалдык тармагындагы I Love English Day баракчасына жүктөйбүз.

Сүрөт менен бирге төмөндөгү маалыматтарды жибериңиз: аты-жөнүңүз, окуучуларыңыздын аты-жөнү, мектебиңиз, шаарыңыз жана телефон номуруңуз.

“I LOVE ENGLISH BECAUSE… 2020” ПЛАКАТТАР СЫНАГЫ

Жеңүүчүлөр төмөнкү критерийлер менен тандалып алынат:

  • Мазмуну (40%). Сынак үчүн жиберилген плакат окуучунун же окуучуларыңыздын англис тилин канчалык жакшы көрөрүн далилдеп турабы? Англис тилин жакшы көрүүнүн көп себептери бар (мисалы, менин чоң ата, чоң энем АКШда жашайт). Айрымдары бул тилди келечектеги кесибине түздөн-түз байланыштырат (мисалы, англис тилин үйрөнүп мен көп мамлекеттерге бара алам). Эгерде плакатта саякаттоо жөнүндө айтылса, англис тили эл аралык тил катары чагылдырылышы керек. Плакатта I Love English логотибине орун берсеңиз болот. Плакаттын идеясы оригиналдуубу? Инновациялык жана креативдүүбү?
  • Презентация (40%): калыстар тобу плакаттын көрүнүшүнө өзгөчө маани берет. Андагы түстөр кандай берилди? Окумдуубу? Грамматикалык каталар жокпу?
  • Таасир (20%): Сиз жасаган плакат кайсыл жерге илинип турат? Англис тили классындабы? Мектептин коридорундабы? Айылдык кеңештердин кеңсесиндеби? Бул плакатты көргөн киши сенин англис тилин жакшы көрөрүңдү түшүнө алабы?

I Love English плакаттар сынагына Кыргызстандын орто мектептеринде иштеген англис тил мугалимдери гана катыша алат.

Бөлүшүү

Комментарийлер