И.Ч. ИСАМИДИНОВ АТЫНДАГЫ ПКМДИ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ИШ АЛЫП БАРУУДА

  • 23.10.2024
  • 0

И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору Рахат Сулайманова 2024-2025-окуу жылынын 3, 5, 7-семестрлерине мобилдүүлүк программасы менен келип окуп жаткан Ош мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугуп, аларды аталган структуранын кафедралары, студенттери менен жакындан тааныштырды.И.Ч. ИСАМИДИНОВ АТЫНДАГЫ ПКМДИ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ИШ АЛЫП БАРУУДА

И.Ч. Исамидинов атындагы ПКМДИнин директорунун илимий иштер боюнча орун басары Айсулуу Эгамбердиеванын маалыматы боюнча, окуу жылынын башында Ош мамлекеттик университетинин 550300 “Филологиялык билим берүү” багытынын 2, 3, 4-курсунун студенттери: Айданек Рахманали кызы, Гулзина Мойдунова, Алина Кубат кызы, Ойша Умарова, Асылбек кызы Гулсана, Айназик Данияр кызы, Акмарал Суюнова, 3-курсунун 550700 “Педагогика” багытынын студенттери Эрима Алипбекова, Нуркыз Жанышоваларга Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту тууралуу кеңири маалымат берип, окуу процесси жана алдыдагы алар менен пландалган көп багыттуу иш-аракеттер, мугалимдик кесиптин сырлары, ошондой эле “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы, ага макалаларды жарыялоо тууралуу баарлашты.

И.Ч. ИСАМИДИНОВ АТЫНДАГЫ ПКМДИ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ИШ АЛЫП БАРУУДА

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер