И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА МЫКТЫ УНИВЕРСИТЕТ ДЕП ТАБЫЛДЫ

  • 03.02.2023
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору тарабынан (International Achievements Research Center (Канада) “Жылдын мыкты университети-2022” деп табылды.

И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА МЫКТЫ УНИВЕРСИТЕТ ДЕП ТАБЫЛДЫ

Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борборунун куттуктоосунда университеттин потенциалы, ишмердүүлүгү, илимий жетишкендиктери жана эл аралык мамилелердеги ийгиликтерине эксперттер тарабынан баа берилгендиги айтылган. Жыйынтыгында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети эл аралык мамилелер багытындагы сынакта жеңишке ээ болду.

Ошондой эле IARC борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева “Жылдын ректору – 2022” деп тапты.

Маалымат үчүн: Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору Монреаль шаарында жайгашкан. Бул уюм илим, билим берүү, өнөр жай, бизнес жана технология тармагындагы таланттуу адистердин ийгиликке жетүүсүнө өбөлгө түзөт.

Шилтеме:

https://achievementscenter.com/Kyrgyz-State-University-named-after-I-Arabaev

https://achievementscenter.com/Aigul-Abdraeva

Бөлүшүү

Комментарийлер