И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ “ДАҢК” ОРДЕНИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

  • 29.12.2022
  • 0

Бүгүн, 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык, ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ “ДАҢК” ОРДЕНИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Аталган салтанатта социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети “Даңк” ордени менен сыйланды.

Окуу жайыбыздын жалпы жамаатын чын дилден куттуктайбыз. Өлкөбүздүн келечеги болгон жаштарга татыктуу билим берүү менен окуу жайыбыз өркүндөп, өсө берсин!

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ “ДАҢК” ОРДЕНИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер