И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУДА «КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН КОМПЕТЕНЦИЯЛАР БОРБОРУ» ТҮЗҮЛӨТ
- 16.09.2026
- 0
2026-жылдын 15-сентябрында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кытай Эл Республикасынын «TANG International Education» компаниясынын делегациясын кабыл алуу боюнча расмий жолугушуу болуп өттү.

Жогорку Кеңештин кызматкери Алтынай Кубатованын берген маалыматына таянсак, расмий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токтобүбү Ашымбаева, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Нарынбек Кубатбек уулу, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору А.Т.Абдраева, Конфуций институтунун директору Du Hua айым, окуу жайдын окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Меморандумдун алкагында кытай университеттери менен биргелешкен «TANG International Education» билим берүү программаларын ишке ашыруу, ошондой эле И.Арабаев атындагы КМУда чек ара аралык электрондук соода, кытай тилин эл аралык деңгээлде окутуу, жасалма интеллект жана жашыл энергетика сыяктуу келечектүү багыттарды камтыган «Келечек үчүн компетенциялар борборун» этап-этабы менен түзүү каралууда.
Өз сөзүндө Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева бүгүнкү жолугушуу кыргыз-кытай билим берүү кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү кадамдардын бири экенин белгиледи. Айрыкча заманбап технологияларды колдонуу менен атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо маселеси өзгөчө мааниге ээ.

— Ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайды байланыштырган темир жол долбоорунун ишке ашырылышы менен бул багытта квалификациялуу адистерге болгон муктаждык дагы жогорулайт. Ушуга байланыштуу темир жол тармагында адистерди бакалаврдык деңгээлде даярдоо боюнча билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү маанилүү деп эсептейм. Бул багытта сиздер тарабынан сунушталып жаткан кызматташтык демилгелерин биз чоң кызыгуу менен кабыл алабыз. Мындай өз ара пайдалуу долбоорлор билим берүү тармагындагы байланыштарды гана бекемдебестен, эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да жакындаштырууга чоң салым кошот, — деди Т.Ашымбаева.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындай демилгелерди толук колдоого жана биргелешип ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”