И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУДА АТАЙЫН ПЕДАГОГИКА БОЮНЧА ЛАБОРАТОРИЯ АЧЫЛАТ

  • 18.08.2026
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети атайын билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө. Жакында эле окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева баштаган делегация Кытай Эл Республикасынын Шаньдун атайын билим берүү кесиптик колледжине иш сапары менен барып, эки билим берүү мекемесинин өкүлдөрү менен маанилүү жолугушууларды өткөрдү. И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУДА АТАЙЫН ПЕДАГОГИКА БОЮНЧА ЛАБОРАТОРИЯ АЧЫЛАТИш сапардын алкагында кыргызстандык делегация аталган колледждин ишмердүүлүгү, окуу процесси жана заманбап материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышты. Ошондой эле атайын реабилитациялык борборго барып, инклюзивдик жана атайын билим берүүнүн алдыңкы ыкмаларын жеринен көрүп кайтышты.

Бул иш сапардын эң негизги максаты жана жемиштүү жыйынтыгы катары — КМУнун базасында «Тэцзяо-Баньмо» колледжинин атайын педагогика боюнча лабораториясын ачуу жөнүндө маанилүү келишимге кол коюлду. Бул кадам өлкөбүздөгү инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана болочок педагогдордун практикалык билимдерин бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөрү күтүлүүдө. И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУДА АТАЙЫН ПЕДАГОГИКА БОЮНЧА ЛАБОРАТОРИЯ АЧЫЛАТКелишимдин негизинде алдыда тараптар тажрыйба алмашууну жигердүү улантууну, билим берүү багытындагы жаңы демилгелерди өнүктүрүүнү, эң башкысы — атайын жана инклюзивдик билим берүү тармагында квалификациялуу адистерди биргелешип даярдоо боюнча кызматташууну макулдашышты.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер