И.АБДРАИМОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ АВИАЦИЯЛЫК ИНСТИТУТУ

  • 04.06.2021
  • 0

Урматтуу абитуриенттер, Сиздерди И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна чакырабыз.

Бүгүнкү күндүн талабына ылайык, биздин окуу жайдын коллективинин алдында турган маанилүү маселелердин бири болуп жогорку квалификациялуу авиация адистерин даярдоо эсептелинет.

Жаштардын келечекке карай алгачкы кадамы окуу жайын тандоодон башталат. Бул тандоо, айрыкча, уландар үчүн, жөнөкөй эмес, өтө жооптуу жана татаал. Анткени, анын тандоосу келечектеги турмуш жолунун багытын аныктайт. Эгерде билим алууга жана авиациялык адистикти өздөштүрүүгө каалооңуз болсо, биздин окуу жай сизге квалификациялуу адис, коомдун жигердүү мүчөсү болууга жардам берет. Анткени, биздин окуу жайдын жогорку квалификациялуу окутуучулары жана материалдык-техникалык базасы толук кандуу билим алууга жана өрчүүгө баардык шарттарды түзөт.

Окуу процесси заманбап лабораториялык жабдуулар, стенддер, ар түрдүү учактардын агрегаттары жана күч түзүлүштөрү менен жабдылган мультимедиа кабинеттеринде жана компьютердик класстарда, ошондой эле машыгуу аэродромунда өткөрүлөт.

Бүгүн биз дүйнөнүн бүт континенттерде иштеген бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз. Алардын кесиптик ийгилиги – И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтундагы окутуунун жогорку сапатынын далили!

Биз Сиздерге окуу үчүн да, студенттик күндөрдүн кызыктуу өтүүсү үчүн да баардык шарттарды түзүп беребиз.

Бүгүн биз келечекке чоң максаттарды жана милдеттерди койдук жана аларды Сиздер менен бирге ишке ашырабыз деп ойлойбуз!

ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНА

Багыты: 670200 Транспорттук технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо

1) Тармагы: «Учуучу аппараттарды күйүүчү-майлоочу майлар менен тейлөө»

Академиялык даражасы — Бакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү — 4 жыл, сырттан окуу — 5 жыл.

2) Тармагы: «Учууучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо»

Академиялык даражасы — Бакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү — 4 жыл, сырттан окуу — 5 жыл.

3) Тармагы «Электирлештирилген жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо»

Академиялык даражасыБакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү — 4 жыл, сырттан окуу — 5 жыл.

4) Тармагы: «Учуучу аппараттарды учууда эксплуатациялоо»

Академиялык даражасы — Бакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү — 4 жыл

Багыты: 670300 Транспорттук процесстердин технологиясы

1) Тармагы: «Аба транспортундагы ташууларды уюштуруу жана башкаруу»

Академиялык даражасы — Бакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү — 4 жыл, сырттан окуу — 5 жыл

2) Тармагы «Транспорт коопсуздугу»

Академиялык даражасы — Бакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү — 4 жыл, сырттан окуу — 5 жыл

3) Тармагы «Аба транспортунун кыймылын башкаруу»

Академиялык даражасы — Бакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү — 4 жыл.

Багыты 580200 Менеджмент:

1) Профиль «Менеджмент аба транспортунда»

Академиялык даражасы — Бакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү — 4 жыл.

Абитуриенттер жогорку кесиптик билим берүү программаларына төмөнкү документтерди тапшырышат:

  • орто билими же орто кесиптик билими

тууралуу аттестат/ диплом бакалавр же адис;

  • Медициналык маалымдама 086/ флюрографиялык сүрөтү менен;
  • Психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерлерден алынган маалымдама;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  • аскердик каттоо күбөлүгү/ билети (уландар үчүн);
  • паспортунун көчүрмөсү;
  • ЖРТ сертификаты (Босого баллдары: Негизги тест боюнча — 110 балл, предметтик тест — 60 балл)

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ

Адистиги: 160901 «Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо»

Квалификациясы – техник (бюджет, контракт)

Окуу мөөнөтү 11-класстын базасында — 2 жыл 10 ай

Адистиги: 160904 «Электирлештирилген жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо»

Квалификациясы – техник (бюджет, контракт)

Окуу мөөнөтү 11-класстын базасында — 2 жыл 10 ай

Адистиги: 160902 «Учуучу аппараттарды күйүүчү-майлоочу майлар менен тейлөө»

Квалификациясы — техник (бюджет, контракт)

Окуу мөөнөтү 11-класстын базасында — 2 жыл 10 ай

Адистиги: 160504 «Учуучу аппараттарды учууда эксплуатациялоо»

Квалификациясы – учкуч (контракт)

Окуу мөөнөтү 11-класстын базасында — 2 жыл 10 ай

Адистиги: 160905 «Аба транспортундагы ташууларды уюштуруу жана башкаруу»

Квалификациясы – техник (контракт)

Окуу мөөнөтү 11-класстын базасында — 2 жыл 10 ай

Адистиги: 170103« Кемелерди энергетикалык орнотмолорун эксплуатациялоо»

Квалификациясы — техник-судомеханик (контракт)

Окуу мөөнөтү 9-класстын базасында — 2 жыл 10 ай

Адистиги: 230110 «Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө»

Квалификациясы – техник (контракт)

Окуу мөөнөтү 9-класстын базасында — 2 жыл 10 ай

Адистиги: Учкучсуз учуучу аппараттарды техникалык эксплуатациялоо»

Квалификациясы – техник (контракт)

Окуу мөөнөтү 11- класстын базасында — 1 жыл 10 ай, 9-класстын базасында — 2 жыл 10 ай

Адистиги: 280501 «Аба транспортундагы транспорттук коопсуздук»

Квалификация — Транспорт коопсуздугу(контракт)

Окуу мөөнөтү 11-класстын базасында — 1 жыл 10 ай, 9-класстын базасында — 2 жыл 10 ай

Адистиги: 080501 «Менеджмент (аба тармагында)»

Квалификация – Менеджмент (контракт)

Окуу мөөнөтү 11-класстын базасында — 1 жыл 10 ай, 9-класстын базасында — 2 жыл 10 ай

Абитуриенттер орто кесиптик билим берүү программаларына төмөнкү документтерди тапшырышат:

  • Негизги жалпы билими тууралуу документ (9-класстарды бүткөндүгү тууралуу күбөлүк) же жалпы билими тууралуу документ (аттестат) (түп нускасы);
  • Медициналык маалымдама 086/флюрографиялык сүрөтү менен;
  • Психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерлерден алынган маалымдама;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  • аскердик каттоо күбөлүгү/ билет (уландар үчүн);
  • паспортунун көчүрмөсү.

Баардык адистиктер боюнча абитуриенттер үчүн кирүү сынагы математика, кыргыз (орус) тили сабактары боюнча жүргүзүлөт.

Экзамендерди өз каалоосу менен, кыргыз же орус тилдеринде тапшыра алат.

Кирүү сынактары орто мектептин программаларына ылайык өткөрүлөт.

Биздин дарек: 720009, БИШКЕК шаары, Ак. Лущихина көч. , 60,

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту

Тел. 0(312) 41-80-38, 41-80-45.

Сайт: www.kai.kg, эл. почта [email protected],

[email protected]

[email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер