ХУСЕИН КАРАСАЕВДИН 120 ЖЫЛДЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 26.02.2021
  • 0

Кыргыз элинин алгачкы агартуучулардын бири, педагог, котормочу, публицист, туңгуч лексикограф жана лексиколог Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2020-жылдын 21-декабрында бир айлык акция жарыялаган. Көптөгөн кайрылуулардан улам, акциянын мөөнөтү 21-февралга чейин узартылган.

Сабаттуулукка багытталган акциянын катышуучулары онлайн жана офлайн түрүндө ар кандай багыттагы илимий, интеллектуалдык, маданий ж.б. иш-чараларды өткөрүп, таанытуучу, маалымат берүүчү эмгектерди жасап жана аткарылган иштер социалдык тармактарга чыгып турду.

Жобого ылайык, катышуучулар атайын даярдалган билдирменин бланкын толтуруп, жыйынтыгында республика боюнча миңге чукул акцияга катышуу билдирмеси келип түшкөн. Ал эми ар бир билдирмеде үчтөн кем эмес эмгек тууралуу маалымат камтылган. Демек, жалпы 5миңге чукул ар кандай иштер аткарылган. Атайын комиссия эмгектерди кылдат карап чыгып, жигердүү катышкан жана өзгөчө эмгек жасагандарды аныктады.

ХУСЕИН КАРАСАЕВДИН 120 ЖЫЛДЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Акцияны жыйынтыктоо иш-чарасы 25-февралда А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада  өтүп, залкар илимпоздун кызы Алтынай Карасаева дагы катышты.

Иш-чарада Х.Карасаевдин калтырган баа жеткис мурасы тууралуу кеңири сөз болуп, соңунда жигердүү катышуучуларга жана өзгөчө эмгек жасагандарга сыйлыктар тапшырылды.

ХУСЕИН КАРАСАЕВДИН 120 ЖЫЛДЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Эске сала кетсек, Улуттук комиссия тарабынан Х.Карасаев тууралуу ар тараптуу маалыматтар жана залкар тилчинин “Накыл сөздөр”, “Өздөштүрүлгөн сөздөр” ж.б. китептеринен үзүндүлөр mamtil.kg сайтына жана Улуттук комиссиянын Фейсбук баракчасына байма-бай жайгаштырылып турду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер