ХОРЕОГРАФИЯГА КЫЗЫККАНДАРДЫН САНЫ АРБЫДЫ

  • 21.11.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору Чүй облусунун мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин педагогдору үчүн “Бийдин да дили бар” аттуу эки күндүк мастер-класс өткөрдү. Жалпы жонунан бул иш-чарага 50 педагог катышты. Жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлигинин сертификаты тапшырылды.

ХОРЕОГРАФИЯГА КЫЗЫККАНДАРДЫН САНЫ АРБЫДЫ

 Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун директорунун орун басары  Ира Балтабаеванын айтымында, быйылкы мастер-класстын өзгөчөлүгү — Регионду өнүктүрүү жылынын алкагында өткөрүлгөн курска балдардын маданиятын, аң-сезимин өстүрүүгө кызыккан мектептин хореографтары, ошондой эле  мектеп директорлору жана бала бакчанын педагогдору  келишкен.                                      — Биз быйыл жалаң эле Чүй облусуна токтолдук. Бардык райондорунан бир-эки хореографтан келди. Биздин мугалимдер ачык сабак өтүштү. Маселен, “Ариэт” студиясынын педагогу Мельникова гимнастикалык көнүгүүлөрдү, бийлердин элементтери менен бийди туура коюуну көрсөттү. Дегеле “Сейтектин” базасында 18 жылдан бери  мастер-класстар өткөрүлүп келатат. Бул курсту өткөрүү идеясы бизге таандык. Ушул идеяны ишке ашырууда ыраматылык Р. Уразгелдиев, Левченколор түрткү болуп,  дайыма  колдоп келишкен эле. Өздөрү дагы сабак берип турушчу. Азыркы мастер-классты ошолордун окуучусу М.Чернышова келип, бийдин тарыхы тууралуу айтып берип, кайсы учурда полька менен мазурканы бийлеш керек экендигине токтолду, — дейт И.Балтабаева.

ХОРЕОГРАФИЯГА КЫЗЫККАНДАРДЫН САНЫ АРБЫДЫ

Курс эки топко бөлүндү: башталгыч жана улантуучу топ болуп. Башталгыч топко сабак берген Татьяна Борисовна Чернышованын айтуусунда, ал күнүмдүк жашоодо бийленчү бийлердин тарыхына токтолду.

  • Мен курска келгендерди карап отуруп, хореография күндөн күнгө өнүгүп жатканына кубандым. Келген жаштар абдан бийиктикке умтулган, өз кесибин сүйгөндөр экен. Кандай гана элементти айтып, көрсөтпө, бат эле илип алып, үйрөнүп жатышат, — дейт педагог-хореограф.

Ал эми Аламедин райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Жаркын Момунованын пикиринде, өтүлүп жаткан мастер-класстар региондогу чыгармачылык борборлорго аба менен суудай эле керек. Анткени аз айлыкка эч ким келбейт. Ошондуктан педагог-хореографтарды жогорку окуу жайлардын 4-5-курстун студенттерин алууга туура келип жатат.

  • Жогорку окуу жайлар начар кесип ээлерин даярдап жаткандарын айтып коюу керек. Келген студенттер сабак бергенди кой, план жазганды, документтер менен иштегенди дегеле билишпейт. Ошондуктан мен атайын келип, «Сейтек» борборунун директорунан суранып, Чүй облусу боюнча мастер-класс өтүп берүүнү өтүндүм. Рахмат жетекчиликке, сөзүмдү эки кылбай, биздин райондон келген жаштарды окутуп беришти, — дейт Ж.Момунова.

Аламедин райондук чыгармачылык борбору Лебединовка №2 мектептин базасында жайгашкан. Анда 420 тарбиялануучу бар. Борбордо хореография, кол өнөрчүлүк, оригами, бисер түйүү, вокал, комуз, сүрөт ийримдери иштейт. Тарбиялануучулардын 80% Лебединовка №2 мектептин окуучулары.

  • Биздин тарбиялануучулар Карылар үйүнө барып кайрымдуулук концерттерди берип турушат. Бизде азыр техникалык жана спорттук ийримдер жок. Анткени өзүбүздүн имаратыбыз жоктугуна байланыштуу, Лебединовка №2 мектептин базасында баш калкалап турабыз. Ошондуктан айрым ийримдерибиз Мраморный, Кашка-Суудагы мектептерде жайгашкан, — дейт борбордун директору.

Ошентип эки күндүк мастер-класста хореографтар “Сейтек” борборунун тарбиялануучуларына тигилген костюмдардын көрүп, чоң иш-чаралар кандай уюштурулушуна күбө болуп, ошондой эле Маданияттын эмгек сиңирген кызматкерлери, “Шаттык” үлгүлүү, элдик бий ансамблинин жетекчилери Эрик жана Сырга Латыповалардын, “Ариэт” студиясынын педагогу Мельникованын берген  ачык сабактарына катышып, тажрыйба топтоп,  билимдерин тереңдетишти.

Мастер-класстын жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлигинин сертификаттары тапшырылды.

Ой-пикир

Алина Асангазиева, «Каухар» бий ансамблинин жетекчиси:

— Биз Бишкек шаарындагы Свердлов райондук чыгармачылык борборунан келдик. “Сейтек” өткөргөн мастер-класстарга дайыма катышып келем. Бул жолу Чүй облусу экен, бирок биз дагы катышабыз десек уюштуруучулар уруксат беришти. Менимче, канча кесипкөй болбо баары бир дайыма изденип, билимди толуктап туруш керек. Бул жагынан алганда “Сейтек” борборунда эң мыкты хореографтар иштешет, так ушул жерден биз билимибизди толуктап, унутуп калгандарды эстеп турабыз. Бул борбордун бардык иштери, бийге үйрөтүүдөгү ыкмалары мага абдан кызыктуу. Ошондуктан ”Сейтек” уюштурган мастер- классты калтыргым келбейт. Мугалим — өзү окуучу. Андыктан билимди тереңдетип окуп турушубуз зарыл. “Каухар” тобунда  130 бала тарбияланат.

Максим Шамеев, Бишкек шаарындагы №66 мектептин хореографы:

— Мен быйылтан баштап балдар менен иштеше баштадым. Негизинен сегиз жылдан бери педагог болуп иштейм. “Сейтекте”  балдарга кантип маалымат бериш керек экенине чейин үйрөтүшөт экен.  Көп пайдалуу, кызыктуу маалыматтарды ала алдым. Классика менен элдик бийди синтездеп, жай бийлерде (бальный) пайдаланам. “Сейтектин”  тарбиялануучулары так жана туура бийлешет экен. Ушулардын баарын биз ачык сабактарда көрдүк.

Гүлнас Максутова, хореограф, Аламедин району:

— Мен кичинекей кезимен бери бийлейм. Балдарды абдан жакшы көрөм. Ошондуктан Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультетине өткөм. Аламедин райондук балдардын чыгармачылык борборунун бий ийрими Кашка-Суу орто мектебинин базасында иштейт. Ал жерде мен 16 кызга сабак берем. Ар кандай сынактарга катышып, байгелүү орундарды багындырып келатабыз. Жакында эле бир кызым Казакстанда өткөн “Жаш таланттар” сынагында 1-орунду жеңип келди. Мен “Сейтек” борбору тууралуу дипломдук ишимди жаздым. Мастер-класстан бийлердин тарыхы тууралуу өткөнү абдан жакты. Анткени жаштар өткөн тарыхты жакшы билишибиз керек. Бийдин өзөгүн билүү зарыл.

Людмила Жукова, №1 Новопавлов мектебинин хореографы:

— Биздин мектеп абдан чоң. Мындай иш-чараларга мектеп директорубуз керек болсо жол киребизди төлөп берип, жөнөтөт. Бул жолу баары бекер болду. Мектептин ичиндеги ийримдин катышуучуларына керектүү костюмдардан бери тиктирип берет. Негизи мен гимнастика боюнча сабак берем, бирок “Сейтекке” келип хореографиянын негиздерин окудум. Бийлерге керектүү, жөнөкөй  элементтерди үйрөндүм. Ийримге болгону жумасына эки саат эле берилген.

 Гүлбана Тажибаева, Төмөнкү Чүй толук эмес орто мектептин директору:

— Мектепте иштегениме 36 жыл, директор болгонума үч жыл болду. Биздин мектепте болгону 200 бала окуйт. Балдардын маданиятын, аң-сезимин көтөрөйүн деп өзүм хореографияга окуп жатам. Себеби беш саатка эч ким келбейт. Өзүм бийди жакшы көрөм. Бизде Тажикстандан келген мекендештерибиз көп. Алар балдарын окутайын дешпейт. Эки күндүн ичинде көп нерсеге үйрөндүм. Буюрса, эми “Сейтекке” келип эле окуйм, жаштарды дагы жиберип окутам.

Динара Абдрахманова, №10 Макаренко атындагы мектептин хореографы, Кара-Балта шаары:

— №10 мектептин бий ийримин  жетектейм. Жумасына эки эле саат берилген. Бийчилер үчүн бул аябай аз. Окуучуларга көбүнчө элдик бийлерди үйрөтөм. Сары-Өзөндөгү сынактарга катышып турабыз. Мастер-класста берилген сабактар абдан жакты. Көптү көргөн билет дегендей, унутуп калган бий элементтерин эстедим.

Динара Чолпонкулова, Ивановка станциясы:

— Ивановкадагы мектеп директорлору менен сүйлөшүп, “Нур” деген бий ансамблин ачтык. 100 бала билим алып жатат. Болгону 300 сомдон төлөшөт. Костюмдарын өзүм тигип берем. “Сары-Өзөн чолпондору” сынагына катышып, 1-орунду жеңип алганбыз. Мастер-класска келгенимдин себеби, билгенибизден билбегенибиз көп. Эң күчтүү хормейстр, окутуучулар бар экен. Заманбап хореографияны дегеле билчү эмесмин, бул сабактарда 100% баарын үйрөндүм. Билимибизди жаңылап турбасак болбойт. “Сейтекке” ыраазычылык билдирем.

Марина Басари, Кемин:

— Биринчиден, мен өзүмдүн билимимди өркүндөтүп жатам, экинчиден, балдарымды өнүктүрөм. “Сейтекте” педагогдор тажрыйбалуу экен. Жаңы ыкмалар менен жаңы бийлерди койгонду үйрөндүк. Биз дайыма балдар менен эсептешип турушубуз зарыл.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер