ХИМИЯ БИЗДИН ТУРМУШТА. САБАК АУКЦИОН

  • 15.02.2019
  • 0

«Табигат менен таттуу мамиледе бололу»- деген ураан менен 2019-жылдын 14-февраль күнү Лейлек районунун Казыев Кожояр атындагы орто мектебинин химия, биология мугалими Майрамкан Казыева 10-класстар менен бирдикте «Органикалык заттар биздин турмушубузда» деген темада кайталоо, бышыктоо, жалпылоо сабагын «САБАК АУКЦИОН» формасында өтүп берди.

ХИМИЯ БИЗДИН ТУРМУШТА. САБАК АУКЦИОН

ХИМИЯ БИЗДИН ТУРМУШТА. САБАК АУКЦИОН

Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Абдиназаровдун берген маалыматына таянсак, анда алты органикалык зат аукционго коюлуп, керектүү окуучулар билими аркылуу сатып алышты. Аукционго коюлган заттардын ээлери турмуштагы керектүү пайдасын, химиялык, физикалык касиеттерин айтып коргошту. Аукционго коюлган заттар төмөнкүлөр:

— Таш көмүр;

— Дары-дармектер;

— Кир кетирүүчү каражаттар;

— Альдегид;

— Спирт;

— Нефть.

Сабак максаттуу жыйынтыкталып, окуучулар химияны турмушта колдонуу көндүмдөрүнө ээ болушту. Финансылык сабаттуулук боюнча да маалымат алышты.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер