ГУМАНИТАРДЫК-ТЕХНОЛОГИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ДЕБАТ ӨТТҮ

  • 16.04.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинде студенттер аралык дебат өттү.

Иш-чара колледждин Жаштар комитети тарабынан студенттердин Конституциялык, академиялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылуу,  сөз  чеберчилигин  өстүрүү, сапаттуу билим алууга багыттоо, парламенттик дебатта ойноого үйрөтүү жана студенттер ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулду. Жалпы он эки команда катышып, жыйынтыгында үч команда жеңишке жетишти.

Биринчи орунду – «Легенда» командасы, экинчини – «За победу» командасы, үчүнчүнү – «KG lion» командасы камсыз кылды. «Мыкты оратор» номинациясы менен Калдарова Мээрим, «Мыкты өкмөт башчы» номинациясы менен Каримова Аида, «Мыкты оппозиция башчы» номинациясы менен Сыдыкова Анара сыйланды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө уюштуруу тобу тарабынан диплом жана баалуу белектер  ыйгарылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер