ГҮЛНАРА ШОКЕЕВАНЫН ИЙГИЛИК СЫРЫ

  • 04.03.2019
  • 0

Билим берїїдє чыгармачыл изденїїсї аркылуу єз жолун тапкан алдыўкы агартуучулар арбын. Мына ошолордун бири – Бишкек шаарындагы №72 Абдыкерим Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясынын тарых мугалими Гїлнара Шокеева.

 ГҮЛНАРА ШОКЕЕВАНЫН ИЙГИЛИК СЫРЫ

Мээнеткеч мугалим — талыкпаган коомдук ишмер

Гїлнара Шокееваны мектептин жєнєкєй тарых мугалими деп айтуу аздык кылат. Ал єз классынын, мектебинин, єзї жашаган Арча-Бешик конушунун, борборубуз Бишкек шаарынын, дегеле Кыргызстаныбыздын кєйгєйлєрїн чечїїгє активдїї катышып келген мээнеткеч мугалим – талыкпаган коомдук ишмер. Мен журналист катары анын бир топ коомдук мааниси бар иш-чараларына катышып, кээ бирине кїбє болуп жїрєм. Башкасын айтпаганда да, Гїлнаранын 2010-жылдагы Апрель ынкылабында їйїндє олтуруп калбастан, єзїндєй апаларды баштап келип, аянттагы тєгїлгєн канды жууп, тазалап, куран тїшїргєнї не деген атуулдук кадам!

– Гїлнара жїрєгї, каны-жаны менен тарыхчы мугалим. Ал тарыхты жалаў китеп беттеринен билип тим калбайт. Тарыхый окуяга єзї да аралашып кетет. Анткенге баарыбыздын эле эркибиз жете бербейт, — дейт кесиптеши Бегимжан Чокморова.

Чындыгында эле, Гїлнара Шоокева мектептеги кїнїмкї сабагы менен чектелип калбастан, кєп жылдар бою, «Арыш» коомдук бирикмесинин жигердїї мїчєлєрї менен биргелешип, Арча-Бешик жаўы конушунун социалдык-маданий кєйгєйлєрїн чечїїдє жан їрєп кызмат єтєп келет. «Арыштын» арымдуу аракетинин аркасында жаўы конушта «Алтын балалык» єз жардам тобу тїзїлїп, алты сааттык бала бакча ачылган. Жаўы конушка суу киргизїїдє, жол жээктерин кєрктєндїрїїдє, жарыктандырууда да коомдук бирикмедегилер чоў эмгек єтєшкєн.

Гїлнара Шокееванын улуттук спорттун тїрлєрїн жайылтууда да эмгеги бараандуу. Ал – Кыргызстан таяк тартыш федерациясын тїзїїчїлєрдїн бири. Дїйнєлїк кєчмєндєр оюндарына башынан баштап їзбєй катышып келїїдє.

Гїлнара эжей – нур жїздїї мугалим, мыкты жар, алтындай болгон аймончок балдардын асыл энеси. Анын пикиринде, ар бир эне єзїнїн ар бир тамчы сїтїн балага жакшы тилектерди айтуу менен эмизїїнї билиши керек. Дагы бир кєўїлгє тїйє жїрчї маселе: эненин алдейин укпаган бала жетим єскєн балага окшош. Тажрыйбалуу педагог ушундай баалуу кеўештери менен борборубуздагы №2, №4 тєрєт їйлєрїндєгї жаш келиндер менен, «Манас жаўырыгы» телеканалынын «Энелер мектеби» программасынын кєрїїчїлєрї менен бєлїшїп турат.

Сєз наркын билген мугалим «Кызыл Ай» коомунда да аутрич болуп иштеп, жамааттык топторго туберкулёз, СПИД тууралуу ачык сабактарды єтєєрїн да кабарлай кетели. Мындан сырткары, Гїлнара Шокеева бир топ жылдардан бери жергиликтїї кеўештерден тартып Жогорку Кеўешке, Президенттикке талапкерлерди шайлоодо участкалык шайлоо комиссиясына жетекчилик кылат.

Байгелїї дебатчылардын саяпкери

ГҮЛНАРА ШОКЕЕВАНЫН ИЙГИЛИК СЫРЫ

Мамлекеттик мааниси жогору мындай иш-чараларга єзї гана катышып тим болбостон, окуткан окуучуларын да ушу азыртан эртеўки жооптуу иштерге даярдап, эл алдында чыгып сїйлєєнї, єз оюн ачык, так, кыска жана нуска айтууну їйрєтїп жїргєнї мактоого татырлык деп ойлойм.

– Гїлнара республикалык пикир айтышуу таймаштарына єз окуучулары менен катышып, далай ирет байгелерди алып жїрєт. Бул жагы Балыкчы, Кочкор, Таластан баштап Алма- Ата шаарындагы Каспий университетине чейин барып келди. Мындай єз ишине берилген єжєр мугалимди кєргєн эмесмин, — дейт дебатчыл мугалимдин дагы бир кесиптеши Шайыр Майтыкова.

Гїлнара Шокееванын дебат мектебинен далай мыкты улан-кыздар тарбия алды. Ушу тапта ар кайсы жооптуу кызматтарда эмгектенишкен, кайсы бири жогорку окуу жайларда билим алып жатышкан Ойтемиров Махмуд, Тыныбеков Умар, Бактыбеков Сыймык, Кайназарова Чолпон эжейинин кємєгїнє, берген багытына, насаатына чексиз ыраазы.

Гїлнара эжейдин мектептеги дебат клубу азыр да кїчїндє. Ал 2014-жылдан бери активдїї дебатчылардын кємєгї менен «Санжыра» гезитин чыгарып келїїдє. Гезиттин редактору – келечекте журналист болууну кєздєгєн бїтїрїїчї класстын окуучусу Искандарова Батма.

– Гїлнара єзїнїн тапкычтык аракети менен кєп ийгиликтерге жетишип жїрєт. Колубуздагы «Санжыра» гезити биз їчїн жаўылык болду, — дейт устат педагог Жыргал Исманова.

Жаш тарыхчылардын насаатчысы

Бул жерде биз Гїлнара Шокеева єз ишине чындап берилген, єз кесибин сїйгєн педагог экенин да айта кеткенибиз туура болот. Анткени ал єзїндєгї тарыхка болгон сїйїїнї окуучуларына да бере алды. Эжейдин бїтїрїїчїлєрїнїн арасынан тарых предметин келечек кесибим деп тандап алгандар арбын. Ошондой окуучуларынын бири – Акматалиева Махабат 2008-жылы тарых предмети боюнча республикалык олимпиадада биринчи орунду багындырып, жалпы мектебин кубандырган.

Тарыхта окуялардын жїрїшїн жалаў даталарга байлап кою туура эмес. Тарыхты окутууда балдарга урунттуу окуялардын себеп-натыйжаларын ачып кєрсєтїї маанилїї. Ушундай ойду карманган педагог 2008-жылдан бери тїрк дїйнєсїнїн тарыхын изилдєєгє багытталган эл аралык илимий-практикалык конференцияларга такай катышып келїїдє. Єткєн окуу жылында эле 6 окуучусун Казакстандын Тїркстан шаарында болуп єткєн конференцияга алып барып келди. Окуучулар ушундай зор масштабдагы иш-чараларга катышуу менен текст жазуунун сырларын эмитен їйрєнїп, илимий-иликтєєгє багытталып жатат.

Гїлнара Шокеева эмгектенген мектеп-гимназия 1996-жылдын 26-январынан тартып кыргыздын даўктуу уулу, быйыл 130 жылдыгы белгиленип жаткан Абдыкерим Сыдыковдун ысымын алып жїрєт. Дасыккан мугалим бул датага бир топтон бери даярдык кєрїп келди. 2016-жылы Абдыкерим Сыдыковдун киндик каны тамган Чїй облусуна караштуу Аламїдїн районундагы Баш-Кара-Суу айылына жаш тарыхчыларды баштап барып келди.

Айыл эли, кєптї кєргєн аксакалдар, тууган-уругу Абдыкерим Сыдыков тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып беришти. Маалымат топтоо иштери кийин Кыргыз мамлекеттик архивинде уланды.

– Гїлнара Шокеева жана башка дилгир мугалимдерибиздин аракети менен архивден Абдыкерим Сыдыковдун номер коюлган соттолуучунун жеке делосун таптык. Абдыкерим Сыдыков 1938-жылдын 18-февралында 49 жаш курагында «эл душманы» деген жалган жалаа менен атылып кеткен. Анын кыргыз тарыхындагы орду єтє зор. Ал биринчилерден болуп, 1922-жылы март айында, Тоолуу кара кыргыз облусун тїзїї маселесин кєтєрїп чыккан, — дейт Бишкек шаарындагы №72 Абдыкерим Сыдыков атындагы мектеп-гимназиянын директору Дамира Назаркулова.

Абдыкерим Сыдыковго арналган сабак-реквием

ГҮЛНАРА ШОКЕЕВАНЫН ИЙГИЛИК СЫРЫ

Сабак-реквием Роза Аманованын аткаруусундагы 37-38-жылдары бейкїнєє репрессия болгондорго арналган жоктоо ыры менен башталды. Видеофильмден каардуу 37-жылдар, андагы кыйноолор, соттолуучунун анкетасы сыяктуу єздїк документтер, кыргыз мамлекеттїїлїгїнїн башатында турушкан Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныс-танов, Баялы Исакеев, Иманаалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков тууралуу эскерїїлєр менен коштолду. Андан кийин окуучулардын кїчї менен даярдалган сахналык кєрїнїшкє кїбє болдук.

ГҮЛНАРА ШОКЕЕВАНЫН ИЙГИЛИК СЫРЫ

Сахналык кєрїнїш ушунчалык чындыкка жакын болуптур, бир жагы окуучулардын даярдыгы да мыкты экен, Абдыкерим Сыдыковду баш кылып, баш кесерлер мылтык менен атканда, кєзїбїздєн жаш чыкты.

– Сабак-реквиемге бир айдай даярдандык. Сценарийин жазып, ролдорду бєлїштїрїп бердик. Жоокер кийимдерин, єзгєчє мылтыктарды табуу бир аз кыйын болду. Суворов училищасынан єтє чоў аракет менен, ар бир мылтыкка тиешелїї кагаздарга кол коюп, канчалаган кишилерден уруксат алып жатып араў алдык, — дейт Гїлнара эжей.

Ал эми сахналаштырууда Абдыкерим Сыдыковдун ролун аткарган 11-класстын окуучусу Ислам Дербишалиев кыргыздын даўктуу уулунун ролун аткарып жатып, єзгєчє бир сезимдерге бєлєнгєнїн жашырган жок.

– Ал кишилерге кандай кыйын болгонун жїрєгїм менен сездим. Бир жагы ушундай адамдын образын жаратып жатканыма сыймыктандым, — дейт ал.

Сабак-реквиемге чакырылган окумуштуу педагогдордун атынан профессор Зайнидин Курманов жалындуу сєз сїйлєдї.

– Репрессия ушу сиздер кєрсєткєндєй болгон. Бул жерде эч нерсе ойдон чыгарылган эмес. Бул аталарыбыздын эрдигин биле жїрїшїбїз керек. Америкалыктар тєрт-беш президентин улуттун атасы дешип сыймыктанышат. Биз антпейбиз. Анткени тарыхты билбейбиз. Кыргыздын тарыхында їч жолу мамлекет тїзїї аракети кєрїлгєн. Ошонун бири – ушул Абдыкерим Сыдыковдун 1922-жылдагы Кара кыргыз облусун тїзїї идеясы. Ошол идеясы їчїн ал курман болду, — деди профессор.

Бул Гїлнара Шокееванын кесиптештери менен биргелешип єткєн интеграцияланган сабагы болчу.

Єз максатына жеткен сабактан баарыбыз їй-їйїбїзгє ойлуу тарадык…

А. Алибеков, «Кут Билим», АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бїтїрїїчїсї (АКШ, Тїндїк Каролина, 2010), Жоомарт Бєкєнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (2017)

(Материал КР Билим берїї жана илим министрлигинин жана Европа биримдигинин “Мугалим кесиби” сынагынын алкагында жазылды)

Бөлүшүү

Комментарийлер