“ГЕЙДАР АЛИЕВ ЖАНА АЗЕРБАЙЖАН” ДИЛБАЯН СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 04.05.2023
  • 0

3-майда “Гейдар Алиев жана Азербайжан” дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

“ГЕЙДАР АЛИЕВ ЖАНА АЗЕРБАЙЖАН” ДИЛБАЯН СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Гандилов 11-апрелде Бишкектеги Гейдар Алиев атындагы №20 гимназия-мектебинин 10-класстарынын окуучулары менен жолугушууда дилбаяндарга сынак жарыялаган.

Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган сынакка 77 окуучу катышты.

Азербайжан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, элчиликтин кызматкерлери, мектеп администрациясы, орус тили жана адабияты мугалимдери калыстар тобунун мүчөлөрү катары мыкты иштерди тандашты. Алсак, I орун 10 “г” классынын окуучусу – Даниель Сатыбалдиевге, II орун 10 “г” классынын окуучусу – Айя Жакшылыковага, III орун 10 “б” классынын окуучусу – Алинур Субанбаевге жана IV орун 10 “б” классынын окуучусу – Бекзат Чолпоновго ыйгарылды.

Сынакты Кыргыз Республикасындагы Азербайжан элчилиги уюштурду.

Кошумчалай кетсек, 10-майда мамлекеттик жана саясий ишмер, Азербайжандын президенти Гейдар Алиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгы белгиленет.

Бөлүшүү

Комментарийлер