ГЕРМАНИЯНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ОШТУДА
- 12.09.2025
- 0
Ош технологиялык университетинде Германиянын Ганновер шаарындагы “Лейбниц” университетинин профессорлору жана студенттик делегациясы менен маанилүү жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ОшТУнун басма сөз кызматы билдирди.
Делегациянын курамында профессор Георг Гуттенбергер, профессор О.Шибистова баш болгон жалпы 24 адамдан турган докторанттар, магистранттар жана студенттер бар.
Келген конокторду Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев тосуп алып, университеттин тарыхы, илимий-изилдөө иштери жана эл аралык кызматташтыгы жөнүндө кеңири айтып берди. Өз сөзүндө ректор чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен тыгыз байланыш түзүү жана эл аралык долбоорлорго биргеликте катышуу ОшТУнун негизги багыттарынын бири экендигин белгиледи.
Жолугушууга ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору А.Акматалиев, магистратура бөлүмүнүн башчысы М.Атакулова, профессор Э.Смаилов жана институт директорлору катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, илимий-изилдөө иштеринде кызматташуу, академиялык мобилдүүлүк жана студенттик алмашуу программалары тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Ошондой эле коноктор университеттин инфраструктурасы менен таанышып, студенттердин билим алуу шарттарын көрүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да кызматташтыкты чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында пикир алмашты.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер