ГЕРМАНИЯДА КЫРГЫЗ ТИЛИ ОНЛАЙН ОКУТУЛУУДА

  • 14.04.2023
  • 0

Германиядагы «Билим – демилге — кызматташтык» (BIZ Bildung Initiative Zusammenarbeit) уюму кыргыз тили курсу тууралуу «Ачык эшик» өткөрдү.

ГЕРМАНИЯДА КЫРГЫЗ ТИЛИ ОНЛАЙН ОКУТУЛУУДА

Германияда жашаган жердешибиз Касиет Асекованын берген маалыматына таянсак, Алай районунун Гүлчө айылдагы гимназия-мектебинин кыргыз тили мугалими Айчүрөк Эргешова үч жылдан бери Германиядагы кыргыз балдарга жана өспүрүмдөргө аралыктан кыргыз тилин үйрөтүп келет.

— BIZ уюмунун «Ачык эшик» маегинде Айчүрөк айым долбоордун алып баруучулары менен биргеликте ушул убакыттын ичиндеги иши, тажрыйбасы менен бөлүшүп, маектин катышуучуларынын суроолоруна жооп берди. Маекти уюмдун YouTube каналынан көрүп алсаңыздар болот, — дейт К.Асекова.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер