ГЕОГРАФИЯ МУГАЛИМДЕРИНИН ШААРДЫК СЕМИНАРЫ

  • 16.11.2021
  • 0

Жакында Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында «Метапредметтик мамилени ишке ашыруу — география сабагында универсалдык окуу аракеттеринин өнүгүү шарттары» деген темадагы семинар болуп өттү.

ГЕОГРАФИЯ МУГАЛИМДЕРИНИН ШААРДЫК СЕМИНАРЫ

География мугалимдери катышкан бул семинарды Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Сатышева Эльмира жетектеп алып барды.

ГЕОГРАФИЯ МУГАЛИМДЕРИНИН ШААРДЫК СЕМИНАРЫ

Семинарда Биринчи май районундагы №81орто мектептин мугалими Акматалиева Гулназ «Жердин ички түзүлүшү, жердин кабыктары», №86 орто мектептин мугалими Курманбеков Жыргалбек 8-класстар үчүн » КРнын мөңгүлөрү», №78 мектеп-гимназиясынын мугалими Тологонова Индира 9-класстар үчүн «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы», 10-класстар үчүн №69 ОТКГ мугалими Ырсалиева Гүлмира «Айлана- чөйрөнүн булганышын сактоо, ар бир инсандын келечеги үчүн милдет» жана ошондой эле 11-класстар үчүн №81 орто мектебинин мугалими Исаева Жаңыл «Европа калкынын жайгашуусунун негизги региондору» жана мен №°1 гимназия-мектебинин мугалими Сүйүндүкова Мейизгүл 7-класстар үчүн «Африка материгинин физикалык-географиялык абалы, изилдөө тарыхы» деген темада мугалимдерге 25 минутадан ашпаган практикалык иш боюнча мастер-класс өттүк.

ГЕОГРАФИЯ МУГАЛИМДЕРИНИН ШААРДЫК СЕМИНАРЫ

Бул практикалык иштин өзгөчөлүгү мугалимдер окуучулардын ордунда II чейректе өтүлүүчү практикалык иштерди аткарышты. Жалпысынан 60 га жакын педагогдор катышты.
Мындан ары дайыма тажрыйба алмашуу максатында каникулда география сабагында практикалык иштердин аткарылышы боюнча мастер-класстар уюштурулуп турмакчы.
Семинарда сабактарга анализ берилип, азыркы замандын талабына ылайык келген сабактар өтүлгөнү бааланып, каалоо-тилектер айтылды.

Сүйүндүкова Мейизгүл, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер