ГЕОГРАФИЯ МУГАЛИМДЕРИНИН ШААРДЫК СЕМИНАРЫ

  • 24.02.2022
  • 0

Жакында Бишкекте «География сабагын окутууда контур карта менен иштөөнүн ыкмалары» аттуу шаардык семинар болуп өттү.

ГЕОГРАФИЯ МУГАЛИМДЕРИНИН ШААРДЫК СЕМИНАРЫ

Семинар №21 жалпы билим берүүчү орто мектебинин базасында уюшулуп, аны шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Сатышева Элмира жетектеп алып барды.

ГЕОГРАФИЯ МУГАЛИМДЕРИНИН ШААРДЫК СЕМИНАРЫ

Семинарда шаардагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатынын география мугалими Сүйүндүкова Мейизгүл «Түндүк Америка материгинин жаратылыш шарттары», №21 орто мектебинин география мугалими, билим берүүнүн отличниги Асылгазиева Анара «Кыргыз Республикасынын көлдөрү жана суу сактагычтары», №67 окуу-тарбия комплексинин география мугалими Колесникова Лариса «Талас облусу» деген темада мастер-класс өтүп, жаш мугалимдерди контур карта менен иштөө көндүмдөрүнө багыт беришти.

ГЕОГРАФИЯ МУГАЛИМДЕРИНИН ШААРДЫК СЕМИНАРЫ

Семинардын катышуучулары №21 орто мектебинин география мугалими Асылгазиева Анара география каанасын заман талабына ылайык жабдыганын, мында зарыл көрсөтмө куралдар, материктердин макеттери, ар бир мамлекеттин желектери өз-өз орду менен илингенин белгилешти.

ГЕОГРАФИЯ МУГАЛИМДЕРИНИН ШААРДЫК СЕМИНАРЫ

Жаш мугалимдер өздөрүнө керектүү маалыматтарды алып, көп жаңы нерселерди үйрөнүштү. Мугалимдер окуучулардын ролунда болушуп, III чейректе өтүлүүчү практикалык иштерди аткарышты.

Семинарга жалпысынан 30га жакын жаш педагогдор катышты.

Сүйүндүкова Мейизгүл, Бишкек шаары

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер