ГЕНДЕРДИК ТЕҢСИЗДИК КӨЙГӨЙЛӨРҮНӨ АРНАЛГАН ТРЕНИНГ

  • 14.02.2022
  • 0

Өткөн жумада Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленинское айылында райондук билим берүү усулдук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү «Коомчулукту өнүктүрүү үчүн билим» коомдук фондусу тарабынан ишке ашырылган «Билимдүү жаштар – ийгиликтүү айыл аймагы» долбоорунун алкагында GALS гендердик теңчилик маселелерин практикалык окутуу системасынын бешинчи инструменти боюнча окуудан өтүштү. Ал ЕБ-БУУ «Теңдик нуру» жана Кыргызстан ЮНИСЕФ биргелешкен демилгелеринин колдоосу менен ишке ашырылды.  

Бул методология Кыргызстанда мурда ийгиликтүү сыноодон өткөн жана гендердик теңсиздик жана зордук-зомбулук көйгөйлөрүнө карата мамилени жана көз карашты өзгөртүүдө өзүнүн ийгиликтүү натыйжаларын көрсөткөн.

Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Кундуз Абдраеванын айтымында, аталган тренинг гендердик зордук-зомбулукту азайтуу максатын көздөгөн GALS методологиясынын куралдарын колдонуу менен өткөрүлгөн семинарлардын уландысы болуп эсептелет.

ГЕНДЕРДИК ТЕҢСИЗДИК КӨЙГӨЙЛӨРҮНӨ АРНАЛГАН ТРЕНИНГ

— Тренинг Чүй облусунун райондук билим берүү усулдук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн гендердик сезимталдыгын жогорулатууга жана гендердик теңчиликтин негизинде алардын баалуулуктарын жана жүрүм-турумун калыптандырууга багытталган.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар гендердик теңсиздикти жана зордук-зомбулукту, ошондой эле эрте никеге туруу сыяктуу зыяндуу көрүнүштөрдү азайтуу боюнча өз аймактарында социалдык педагогдор үчүн тренингдерди өткөрүшөт, — дейт Кундуз Мукашевна.

ГЕНДЕРДИК ТЕҢСИЗДИК КӨЙГӨЙЛӨРҮНӨ АРНАЛГАН ТРЕНИНГ

Эске сала кетсек, 2020-жылдын январында КР Өкмөтү ЕС жана БУУ менен өнөктөштүктө аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча “Теңдик нуру” глобалдык демилгесинин алкагында көп жылдык программасын ишке киргизген эле. Аталган программанын максаты — Кыргызстандагы бардык аялдар жана кыздар, өзгөчө аялуу катмары зордук-зомбулуктан жана зыяндуу адаттардан, анын ичинде жашы жете элек никеге туруудан жана ала качуудан эркин жашаган чөйрөнү түзүү болуп саналат.

БУУнун КРдагы Туруктуу координаторунун жалпы көзөмөлүндө ишке ашырылып жаткан бул программа саясат жана мыйзамдар, институттарды бекемдөө, зомбулуктун алдын алуу, зомбулуктун курмандыктарына кызмат көрсөтүү, сапаттуу маалыматтарды чогултуу жана аялдар кыймылын жана жарандык коомду колдоо жаатындагы комплекстүү чараларды камтыйт.

Тренингге Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Кундуз Абдраеванын активдүү көмөктөшүүсү менен пилоттук мектептердин чемпион-педагогдору тренер болушту.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер