ГЕНДЕРДИК БАСМЫРЛООДОН ЖАНА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТАН КОРГОО
- 07.08.2026
- 0
Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаеванын демилгеси менен Жалал-Абад облусунун Манас шаарында аялдарды жана майыптыгы бар кыздарды гендердик басмырлоодон жана зомбулуктан коргоо жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча аймактык консультациялар өткөрүлдү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Мавлюда Калбердиева, Айгүл Карабекова, Айгуль Ахмедова, Эдита Тайгараева, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Консультациялардын жүрүшүндө мыйзамдарды өркүндөтүү, аялдар жана майыптыгы бар кыздардын укуктарын коргоону камсыз кылуу, гендердик басмырлоонун жана зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу маселелери талкууланды. Аны менен катар өлкөдө жаңдоо тили боюнча котормо кызматын өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечеги тууралуу маалыматтар берилди.


Талкууда мындан тышкары коомдук уюмдар тарабынан көтөрүлгөн орчундуу көйгөйлөр да каралып, айтылган сунуштарды эске алуу жана мыйзамдарды өркүндөтүү процессинде колдонуу зарылдыгы белгиленди.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер