ГАЗБЕК РАЖАПОВ ОЛИМПИАДАСЫ

  • 08.04.2022
  • 0

Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде окумуштуу, физика-математика илимдеринин кандидаты,Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура Университетинин ардактуу профессору Газбек Ражаповдун ысымы менен аталган математикалык олимпиада болуп өттү.

ГАЗБЕК РАЖАПОВ ОЛИМПИАДАСЫ

Бул билим сынагына Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү беш орто мектебинин математика илимине кызыккан окуучулары катышты. 7-11- класстардын жүзгө жакын окуучулары өз күчүн сынап көрүштү.
Ак-Суу айылынан чыккан алгачкы  окумуштуунун кызы Гүлсана Сатыева жеңүүчүлөргө биринчи, экинчи жана үчүнчү даражадагы дипломдорду, Газбек Ражапов атындагы  акчалай сыйлыктарды, медалдарды тапшырды.
Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Касымова : » Жети жылдан бери өткөрүлүп келаткан Газбек Ражапов атындагы математикалык олимпиада  билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүп жатат»,- деп айтты.

ГАЗБЕК РАЖАПОВ ОЛИМПИАДАСЫ

Математикалык олимпиаданын жабылыш аземинде бардык катышуучулар иш-чаранын башкы демөөрчүсү болгон Г. Сатыевага терең ыраазычылык билдиришти.
Тайир АШИРБАЙ, Лейлек району

Бөлүшүү

Комментарийлер