«ГАРМОНИЯ СУЛУУЛУКТУ ЖАРАТАТ»: ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕГИ КЫТАЙ КӨРГӨЗМӨСҮ

  • 18.08.2026
  • 0

18-августта Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде «Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм көргөзмөсү» аталышындагы эл аралык көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. «ГАРМОНИЯ СУЛУУЛУКТУ ЖАРАТАТ»: ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕГИ КЫТАЙ КӨРГӨЗМӨСҮБул маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь музейинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында уюштурулду. Башкы максаты — Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий диалогду бекемдөө, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана эки элдин өз ара түшүнүшүүсүн тереңдетүү. «ГАРМОНИЯ СУЛУУЛУКТУ ЖАРАТАТ»: ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕГИ КЫТАЙ КӨРГӨЗМӨСҮСалтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин, Азербайжандын элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов, Беларустун элчиси С.П. Молунов, Россиянын элчиси С.И. Вакунов, ошондой эле Тяньцзинь жана Ички Монголия музейлеринин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө видеобайланыш аркылуу Тяньцзинь музейинин директору Бай Цзюньфэн жана Ички Монголия музейинин директору Ван Шиин катышуучуларды куттуктап, мамлекеттер аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүдөгү музейлердин ордун жана кызматташтыгын баса белгилешти. «ГАРМОНИЯ СУЛУУЛУКТУ ЖАРАТАТ»: ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕГИ КЫТАЙ КӨРГӨЗМӨСҮЭкспозицияга Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин, Кытайдын Тяньцзинь жана Ички Монголия музейлеринин коллекцияларынан алынган уникалдуу тарыхый жана көркөм экспонаттар коюлган. Эл аралык деңгээлдеги бул маданий көргөзмө борбор калаабыздын тургундары жана коноктору үчүн 2026-жылдын 15-ноябрына чейин уланат.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер