«ГАМЛЕТТИ» КОЙГОН ЖАШ РЕЖИССЕР ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДАРДЫН ЛАУРЕАТЫ БОЛДУ

  • 26.04.2020
  • 0
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театр окуу жайынын 4-курсунун студенти Турусбеков Данил  Шекспирдин эң атактуу чыгармасы «Гамлетти» сахналаштырды. Бул анын режиссер катары биринчи эмгеги.
"ГАМЛЕТТИ" КОЙГОН ЖАШ РЕЖИССЕР ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДАРДЫН ЛАУРЕАТЫ БОЛДУ
 «Режиссер дагы өзү, баш каарман дагы өзү. Гамлет спектаклин бир адамга ылайыкташтырып өзү инсценировкалап сахнага алып чыкты. Гамлет- моноспектакль болду. Данилдин бул ишин биз март айында Москвада болгон » Мир талантов» жана » Звездопад» эл аралык фестивалдарына жибергенбиз. Ал жактан эң мыкты жыйынтык болду. Эки чоң эл аралык фестивалдын 1- даражадагы лауреаты болду»,-деп айтылат аталган окуу жайдан келген кабарда.
"ГАМЛЕТТИ" КОЙГОН ЖАШ РЕЖИССЕР ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДАРДЫН ЛАУРЕАТЫ БОЛДУ
Данилдин өзүнүн койгон спектакли менен ошондой эле Россиянын эмгек сиңирген артисти Андрей Панин атындагы «Рыжий клоун» 6- эл аралык театр фестиваль- конкурстун 1- даражадагы лауреаты наамын жеңип алды.
Бөлүшүү

Комментарийлер