ГҮЛЗАТ ТҮПТӨГӨН БҮЧҮР
- 27.10.2023
- 0
Алыскы Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр” бала бакчасы азыр айылдагы эң кооз жана айыл тургундары үчүн эң маанилүү жай. Айланасы кызыл-тазыл гүлдөргө оронгон бул жомоктогудай керемет жер мындан 10-15 жыл мурда айыл четиндеги эч кимге керексиздей ээн жаткан талаа болгон азыр элестетүү кыйын.
“Бүчүр” бала бакчасынын директору Гүлзат Камчыбекова 2006-жылы айылга жамааттык бала бакча ачуу демилгесин көтөрүп чыкканда, бул идеясын ишке ашыруу үчүн ондогон жылдар кетерин ойлобосо керек. Айылда бала бакча жок, жаш балдары бар келиндер балага байланып үйдө олтургандыктан, иштеп каражат табууга эч ылаажы табылчу эмес. Алардын түйшүгүн жакшы түшүнгөн Гүлзат Булутбековна адегенде балдарды үч саатка кабыл алчу жамааттык балдар бакчасын ачууну чечкен.
— Биздин азыркы мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2006-жылы жамааттык балдар бакчасы болуп уюштурулган. Ал кезде балдарды үч саатка кабыл алып, бир маал ысык сүт жана таттуу токоч берип жүрдүк. Ага кетчү каражатты ата-энелери төлөп беришкен. Эки жардамчым менен айлык акы албай эки жыл иш алып бардык. Толук кандуу бала бакчага айландыруу идеясын ишке ашыруу үчүн “Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү” долбооруна 198 миң сомго долбоор жазып, айылдагы мектептин эски бөлмөлөрүн оңдоп-түзөп алдык. Аталган долбоор бизге ылайыктуу эмеректерди, балдарга оюнчуктарды жана окуу куралдарын камсыздап берди. 2008-жылы айыл өкмөтүнүн бюджетине киргизгенден кийин жети адамды ишке алдым, себеби ата-энелердин өтүнүчү менен балдардын саны көбөйүп, ага жараша кошумча тайпаларды ачууга туура келди. “Көрө-көрө көсөм болосуң, сүйлөй-сүйлөй чечен болосуң” дегендей, иштеп, тажрыйба топтогон сайын жаңы максаттарга умтула баштайт экенсиң. Айрыкча, ошол жылдары “Кенже курактагы өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Кара-Кулжа, Токтогул райондоруна барып, кесиптештеримди көрүп, алардын иштери менен таанышкан соң, бизге типтүү бала бакча керек экендигин түшүндүм, — деп, ал кыска мөөнөттүү бала бакчаны кантип типтүү бала бакчага айландырганы тууралуу баяндап берди.
Биздин каарманыбыз башка кесиптештеринин иш тажрыйбасын көрүп келгенден кийин биринчи кезекте бала бакча куруу үчүн жер тилкеси, анын курулушу үчүн каржы булагын табуу керектигин, аны табуу оңойго турбастыгын жакшы түшүнгөн. Бирок бул кыйынчылыктар аны токтото албайт эле.
— Мен 2013-жылдан баштап жаңы бала бакчанын долбоорун ишке ашырууга аракеттене баштадым. Албетте, баардыгы дароо эле мен пландагандай, мен каалагандай боло койгон жок. 2015-жылы айыл өкмөтүнөн 35 сотых жер бөлдүрүп алдык. Кийинки жылы долбоор жазылып, тендерге 11 фирма катышты. Бала бакчанын курулушун “АСТАС строй” деген фирма утуп алып, 2017-жылы бала бакчанын фундаментин куя баштадык. Бала бакчага бөлүнгөн жер айылдын четиндеги ойдуң-чуңкурлуу тегиз эмес жер эле. Бакчанын курулушу башында 5 млн сом менен башталып, жалпы жонунан 24 млн 242 миң сомго айланды. Бул ишке айыл эли, райондун жетекчилиги да кайдигер карабай, каражат бөлүп беришти. 2017-жылы Чаткал өнүктүрүү фонду 12 млн сом каржылоо чечимин кабыл алды. Бирок ар кандай себептерден улам курулушу узакка созулуп олтуруп, акыры 2020-жылдын декабрь айында 100 орундук бала бакчаны салтанаттуу түрдө ачтык, — дейт Гүлзат Булутбековна.
Директордун айтымында, учурда бала бакчанын жаңы жана эски корпустары толук капиталдык ремонттон өткөн. Эски имаратындагы эки кенже тайпада 40 бала жана жаңы имаратында 100 бала тарбияланат. Бакчада жалпысынан 26 адам эмгектенет. Азыр жалпысынан алты тайпанын ар биринде 25тен бала бар.
Бала бакчада балдар үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Балдар жаш курактарына жараша программалар боюнча даярданышат. Уктоочу бөлмө, ойноочу бөлмө, жыйын залы, музыка бөлмөсү, ашкана жана башка бөлмөлөрдүн баары керектүү жабдыктар менен жабдылып, балдар ар бир саатты алдын-ала пландалган графикке жараша пайдалуу өткөрүшөт. Бакчадагы бассейн балдардын эң сүйүктүү жайларынын бири, андагы чайканма бөлмөсү да заманбап жасалгаланган. Бакча кызматкерлери балдардын ден соолугуна, тазалыгына кылдат кам көрүшөт. Кайсы бөлмөгө баш бакпаңыз, дубалдары улуттук колориттеги оймо-чиймелер, жомок каармандарынын сүрөттөрү жана ошондой эле балдардын дүйнө таанымын кеңейтүүчү кызыктуу маалыматтар, сүрөттөр менен кооздолгон.
— Жалпыбызга маалым болгондой, Президент Садыр Жапаровдун буйругунун негизинде мектеп жашына чейинки курактагы балдарды мектепке даярдоо программасы менен толук камтуу иш-чарасынын алкагында жер-жерлерде кыска мөөнөттүү мекемелер ачылып жатат. Биздин эски имаратыбызда дагы 50 орундуу эки тайпа ачылуу алдында турат. Учурда ал Дүйнөлүк Банк тарабынан толук ремонттолуп бүттү, эми эмеректер, оюн аянтчаларына тиешелүү жабдуулар келишин күтүп жатабыз. Балдарды окута турган тарбиячылар ноябрь айынан тарта атайын окуудан өтүшсө, жаңы жылдан баштап өз ишин баштайт деп турабыз. Мындай кыска мөөнөттүү окутуу программасынын негизги максаты – бала бакчага тартылбаган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын “Балалык” программасынын негизинде үч саат окутуп, мектепке даярдоо. Анда балдар бекер окушат, — дейт ал.
“Бүчүр” бала бакчасынын бүгүнкү гүлдөгөн абалы толугу менен анын директору Гүлзат Камчыбекованын кызылдай мээнети экенин айылдаштары жакшы билет. Балким ошондон уламбы, бала бакчанын имаратына кире бериш жерге: “Кызыл-Токой айылында биринчи болуп 2006-жылы өз демилгеси менен бала бакча ачкандыгы жана типтүү 100 орундуу бала бакчанын имаратынын курулушун баштап, ишке киргизгендиги үчүн Камчыбекова Гүлзат Булутбековнага ыраазычылык билдиребиз” деп, замандаштары жазып койгон.
Адамдын эмгеги өз баасын алганы ушул да. Өзү мугалимдин үй-бүлөсүндө тарбияланып өскөн Гүлзат Булутбековнанын тээ эң алыскы айылда түптөгөн бала бакчасында нечендеген бөбөктөрдүн келечегине пайдубал курулуп жатпайбы. Мугалимдин, тарбиячынын эмгегинин акыбети дыйкан күткөндөн да узагыраак убакытта кайтат эмеспи, а бирок анын айныгыс чындыгы — ошо үрөндү сепкен жерди туура тандагандыгында, мына ушул жагы эң маанилүү.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер