ГҮЛЧӨДӨ ОКУУЧУЛАР ЖОЛ АКЫ ТӨЛӨШПӨЙТ

  • 12.02.2019
  • 0

Алай районунун Гүлчө айылында алгачкы ирет маршруттук каттам ачылып, ишке кирүү алдында турат. Бул тууралуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Болбур уулу билдирди.

ГҮЛЧӨДӨ ОКУУЧУЛАР ЖОЛ АКЫ ТӨЛӨШПӨЙТ

Анын айтымында, маршруттук каттам алгачкы ирет ачылганына карабай окуучуларды акысыз ташыйт.

  • Алыскы айылдардан Гүлчө айылынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан мектептерге каттап окуган окуучулар жана жергиликтүү тургундар үчүн маршруттук каттам уюштурдук. Учурда 4 кичи автобус бар. Окуучулардын жол акысы айыл өкмөт тарабынан төлөнүп берилет. Ал эми жашоочулар жол акысына 10 сомдон төлөшөт, — деди ал.

Каттам 15-февралдан тарта ишке кирет. Кичи автобустар саат 07:00дөн баштап 20:00гө чейин кызмат көрсөтөт.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер