Гүлбар ЖОРОЕВА

  • 30.05.2025
  • 0

2025-жылдын 30-апрелинде «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» Жороева Гүлбар 79 жашында дүйнөдөн кайтты.

Жороева Гүлбар 1946-жылы 10-майда Алай районундагы Кең-Жылга айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдө 12 бир тууган болуп, жашынан эле баарлашууга, мамиле жасоого калыптанган.

Орто билимге 1965-жылы Корул айылындагы «Тогуз-Булак» орто мектебинен ээ болуп, мектепти эң жакшы баалар менен аяктаган. 1965-1970-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биология факультетинен билим алып, биология жана химия мугалими адистигине ээ болгон.

Гүлбар ЖОРОЕВА

Эмгек жолун 1970-жылы өзү окуп билим алган Тогуз-Булак орто мектебинде биология мугалими болуу менен баштаган.

1972-1977-жылдары Тогуз-Булак (азыркы А.Бекташов атындагы) орто мектебинде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, 1977-1990-жылдары окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 1990-2006-жылдары аталган мектепте мектептин директору кызматында үзүрлүү эмгектенген.

Өзүнүн педагогикалык жана административдик жетекчилик ишмердүүлүгүндө жүздөгөн жаш кадрлардын педагогикалык ишке калыптанышына, окуучулардын мектеп партасынан мыкты билим алып чыгышына зор салымын кошууга жетишти.

Жороеванын жетекчилигинде Тогуз-Булак (азыркы №26 А.Бекташов атындагы) орто мектеби областтык «Жылдын мектеби» сынагында өз учурунда жеңүүчү болуп, иш тажрыйбасын жайылтууга жетишкен. Гүлбар эжекенин жетекчилигинде мектептин материалдык-техникалык базасы «Эң мыкты», окуу-тарбия иштеринин сапаты «Эң жогорку» деңгээлдеги билим берүү мекемесине айланган. Өзүнүн иш тажрыйбаларын райондук, областтык жана республикалык деңгээлдерге жайылтылууга жетишкен.

Анын мыкты жетекчилик жана педагогикалык ишмердүүлүгү жогору бааланып, мугалимдердин I съездинин делегаты, “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси баш болгон республикалык, областтык жана райондук масштабдагы ондогон Ардак грамоталарга татыктуу болгон.

2004-жылы мамлекет тарабынан да жогору бааланып, 2004-жылдын 30-сентябрындагы Президенттин №313 жарлыгынын негизинде “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” деген ардактуу наам берилген.

Гүлбар Жороевна ар дайым кичи пейил, адамгерчиликтүү, жоопкерчиликтүү, адилеттүү, чечкиндүү жана калыс мамилеси менен кесиптештеринин эсинде калды.

Өмүрлүк жолдошу Бекташов Абилат ажы экөө 4 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрүшүп, баарына жогорку билимдүү болууга да жетишишти. Уулдары жана кыздары учурда түрдүү тармактарда үзүрлүү эмгектенишүүдө.

Гүлбар Жороевнанын жаркын элеси, артында калтырган үзүрлүү эмгеги замандаштарынын, кесиптештеринин, билим берүү кызматкерлеринин эсинде түбөлүккө сакталат.

Үй-бүлөсүнө, балдарына жана кыздарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгыларын бөлүшөбүз.

Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн, профсоюз комитетинин, А.Бекташов (мурдагы Тогуз-Булак) атындагы орто мектебинин жана райондогу мектеп директорлорунун райондук секциясынын эмгек жамааттары

Бөлүшүү

Комментарийлер