ФРОНТТУК ЫРЛАР ЖАҢЫРГАН ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ

  • 11.05.2021
  • 0

Ак-Өргөдөгү №77 жалпы билим берүүчү орто мектебинин 3-класстары быйылкы 9-май Жеңиш күнүн өзгөчө белгилешти.

ФРОНТТУК ЫРЛАР ЖАҢЫРГАН ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ

Мектеп жетекчиси Аида Дооталиева бул жылы Жеңиш күнү мыкты белгиленгенин айтат.

— Бизде онлайн, офлайн билим алып жатышкан баардык класстар Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата уюштурулган иш-чараларга активдүү катышты. Бөтөнчө 3-класстардын аракети зор болду, — дейт Аида Арыпбековна.

ФРОНТТУК ЫРЛАР ЖАҢЫРГАН ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ

Эмгек кылсаң, акыбети сөзсүз кайтат эмеспи, Жеңиш урматына арнап Разыкова Гүлнара жетектеген 3-«а» классы, Калназарова Элмиранын 3-«б» классы даярдаган майрамдык программа мугалимдердин, окуучулардын, ата-энелердин зор баасына татыды.

ФРОНТТУК ЫРЛАР ЖАҢЫРГАН ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ

Мектеп сахнасында аскер кийимчен окуучулар согуш мезгилиндеги бийлерди бийлеп, кан майданга бараткан жоокерлердин мекенчилдик сезимин курчуткан фронттук ырларды ийнине жеткире ырдашты. Фронттук ырлар жаңырган майрамдык кече ушуну менен бүткөн жок. Ролдук оюндар да көрсөтүлдү.

ФРОНТТУК ЫРЛАР ЖАҢЫРГАН ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ

Балдар-кыздар Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинен Толгонайдын монологун чебер аткарышып, Майсалбектин кан майдандан жазган катын окуп беришти.

ФРОНТТУК ЫРЛАР ЖАҢЫРГАН ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер