ФОРУМДА НОУТБУКТУУ БОЛУШКАН STEM МУГАЛИМДЕРИ
- 19.08.2025
- 0
Ош шаарында өтүп жаткан «Алтын казык — доор өзгөрткөн билим» республикалык август форумунун жүрүшүндө өлкөбүздүн эң мыкты STEM мугалимдерине «Алтын казык» ноутбуктары салтанаттуу тапшырылды.

Тогузунчу жыл мектепте иштеген жаш педагог Элмира Атакулова өзүнүн агартуудагы бардык ийгилигин, жетишкендигин STEM билим берүүсү менен байланыштырат.
— Менин педагогдук ишмердигиме STEM билим берүүсү зор таасир этти. Бул программа боюнча 72 сааттык атайын окуудан өткөндөн кийин сабактарым да жандуу жана кызыктуу боло баштады. «Мыкты мугалим» конкурсуна да ачык сабакты ушул программанын талабына ылайык даярдадым, — дейт облустук ™ Мыкты мугалим» конкурсунун жеңүүчүсү, Ош облусунун Өзгөн районундагы №53 М.Ботобеков атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин математика мугалими Элмира Атакулова.

Форумда Элмира Таштановна менен бирге өлкөбүздүн башка STEM мугалимдерине да «Алтын казык» ноутбуктары символикалуу тапшырылды. Көпчүлүктүн алдында азыркы билим берүүнүн маанилүү куралы — ноутбукка ээ болушкан агартуучулардын арасында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы А.Салиев атындагы мектептин математика мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын облустук этабынын жеңүүчүсү Сакеева Алтынай, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Б.Сатыбеков атындагы орто мектебинин география мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын облустук этабынын жеңүүчүсү Сарпиева Мира, Бишкек шаарындагы №87 мектебинин физика мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын шаардык этабынын жеңүүчүсү Ишенова Сангүл, Чүй облусунун Сокулук районундагы К.Шопокова атындагы мектептин математика мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын облустук этабынын жеңүүчүсү Мамбеталиева Жазира, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №12 Ш.Абдраманов атындагы орто мектебинин география мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын облустук этабынын жеңүүчүсү Кадырова Гүлкайыр, Баткен облустук жатак мектебинин информатика мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын облустук этабынын жеңүүчүсү Ташова Чолпон жана республикалык форум өтүп жаткан Ош шаарындагы №31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин физика мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын шаардык этабынын жеңүүчүсү Абдывахап кызы Элиза да бар.
Эскерте кетсек, КМТУнун алдындагы технопаркта чогултулган 27031 «Алтын казык» ноутбуктары жер-жерлерде өтүүчү аймактык август кеңешмелеринде STEM мугалимдерине таркатылып берилет.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»









Комментарийлер