«FOC Ачык эл аралык турниринде» ийгиликтүү кайткан окуучулар сыйланды
- 09.09.2025
- 0
Нарын шаарындагы Үсөн Асанов атындагы жатак мектептин директору Асанбеков Нурсултан Бердибекович «FOC Ачык эл аралык турниринде» ийгиликтүү кайткан окуучуларды жана тренери Төлөбек кызы Нуризаны ардак грамота менен сыйлап, ишине ийгилик каалады.

7–11-август күндөрү Түркиянын Анталия шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк турнирге 12 өлкөдөн келген окуучулар катышып, эки форматта күч сынашты.
Жазуу форматында:
Майназарова Адалат — 3-орун, коло медаль,
Дүрбөлөңова Адинай — 3-орун, коло медаль,
Майназарова Арууке — 2-орун, күмүш медаль

Экрандык форматта:
Майназарова Адалат — 3-орун, коло медаль,
Дүрбөлөңова Адинай — 1-орун, алтын медаль,
Майназарова Арууке — 1-орун, алтын медаль алышкан.
Бул окуучулар 2020-жылдан бери Үсөн Асанов атындагы жатак мектепте менталдык арифметика боюнча тереңдетилген билим алып келишет. Айта кетсек буга чейин да Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда өткөн «FOC Ачык эл аралык турниринде» мыкты ийгиликтерди көрсөтүшкөн.

2017-жылдан бери менталдык арифметика боюнча окуу курсун жетектеп келе жаткан Төлөбек кызы Нуризанын үзүрлүү эмгегинин натыйжасында бул багытта билим алган окуучулар ар түрдүү эл аралык олимпиадаларда өлкө намысын коргоп, жеңиштерди камсыздап келишет.
Мектеп мүдүрү тарабынан окуучулардын ийгилигине чоң салым кошкон ата-энелерге Сартова Бактыгүл жана Ибраева Жылдыз айымдарга ыраазычылык билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду «Кыздарыңыздардын билим алуусуна моралдык жана материалдык жактан ар дайым колдоо көрсөтүп, ийгиликтүү окуучулардын өсүп жетилишине кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Региондо болгонубузга карабастан, дүйнөлүк деңгээлдеги турнирлерге катышып, ийгилик жарата алат экенбиздин бирден -бир далили сиздер. Талыкпаган эмгеги менен жол көрсөтүп жаткан мугалими
Төлөбек кызы Нуризанын ишине ийгилик каалайм. Келечекте дагы көптөгөн чемпиондорду тарбиялап чыгарына ишенем.»- деп жыйынтыктады өз сөзүндө.
Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА, «Кут Билим»
Комментарийлер