ФИЗИКА — БИЗДИН ЖАШООБУЗДА

  • 15.03.2024
  • 0

Токмок шаарынын №5 орто мектебинде «Математика жана физика» сабактарынын предметтик декадасынын алкагында, физика мугалими Б.Көлбаева тарабынан билим берүүнүн STEMге  багытталган «Физика биздин жашообузда» аталышындагы практикалык сабак-көргөзмөсү уюштурулду.

ФИЗИКА - БИЗДИН ЖАШООБУЗДА ФИЗИКА - БИЗДИН ЖАШООБУЗДА

Иш-чарага 7-11-класстардын ойлоп табуучу окуучулары катышып, физикалык кубулуштарды өздөрү жасаган үлгүлөр жана макеттер менен далилдеп көрсөтүштү. Окуучулар батарейка менен иштеген комбайнды, байкоо дөңгөлөгүн, «таттуу кебез» жасоочу аппаратты жана башкаларды жасап өздөрүнүн тапкычтыгын, ойлоп табуучулугун далилдей алышты. Бардык катышуучуларга дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер