ФАО ЖАНА ВЕНГРИЯ ӨКМӨТҮНҮН 2021-2022-ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАСЫ

  • 02.02.2021
  • 0

2021-2022-окуу жылына карата төмөндөгү англис тилиндеги магистрдик курстарга студенттер кабыл алынат:

  • Айыл чарбадагы суу ресурстарын башкаруу (Иштван атындагы университет);
  • Өсүмдүктөрдү коргоо (Иштван атындагы университет);
  • Өсүмдүк өстүрүүчүлүк (Иштван атындагы университет).

Долбоорго төмөнкү университеттер катышат:

  • Иштван атындагы университет, айыл чарба жана экологиялык илимдер факультети, Годолло;
  • Иштван атындагы университет, айыл чарба боюнча Гергикон факультети, Кестхей.

Стипендиялык программа төмөнкүлөрдү камсыздайт:

  • Өтүнмөнү толтуруу жана окуу акысын төлөө;
  • Негизги китептер жана окуу колдонмолору менен камсыздоо;
  • Жатакана;
  • Медициналык тейлөө.

Жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдардын баары Венгриянын өкмөтү тарабынан, 2007-жылы кабыл алынган Венгрия менен ФАОнун ортосундагы макулдашуунун негизинде каржыланата. Финансылык каржылоого студентке гана берилет, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө эмес.

Студенттерди кабыл алуу эки этап менен ишке ашат:

1-этап: ФАО талапкерлердин досьесин карап чыгып, сунуштамаларын Венгриянын Айыл чарба министрлигине жөнөтөт. Министрлик талапкердин тандоосуна жараша өтүнмөлөрдү тиешелүү университеттерге жөнөтөт. Толук эмес досьелер, аты көрсөтүлбөгөн өтүнмөлөр каралбайт.

2-этап: Тандоо процессинин чегинде биринчи этаптан өткөн талапкерлерге англис тили боюнча жазуу же оозеки түрүндө сынактан өтүү сунушталышы мүмкүн. Талапкерди кабыл алуу чечими университет тарабынан гана кабыл алынат (ФАО кийлигише албайт). Тандоодон өткөн студенттер, ошондой эле, Министрликтен дагы билдирүү алышат.

Талапкерлер төмөнкү критерийлердин негизинде тандалат:

  • Программага катыша ала турган өлкөлөрдүн биринде жашоо жана жараны болуу;
  • Окуудагы жетишкендиктери;
  • Англис тилин билүүсү (англис тилинде окутулган курстарды түшүнө ала тургандай);
  • Каалоосу;
  • Ден соолугунун абалы;
  • Жашы (30 жашка чейинки талапкерлерге артыкчылык берилет).

Кызыкдар талапкерлердин өтүнмөлөрү электрондук почта аркылуу ФАОго 2021-жылдын 28-февралына чейин жөнөтүлүшү керек.

Толугураак маалымат алуу үчүн төмөнкү документтерди окуңуз:

Суроолоруңуз болсо, [email protected] менен байланышыңыз.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер