ЕВРОПА БИРИМДИГИ КЫРГЫЗСТАНГА 7 МЛН ЕВРО БӨЛДҮ
- 05.11.2024
- 0
25-октябрда Европа Биримдиги (ЕБ) Кыргызстанга инклюзивдик жана сапаттуу билим берүүнү колдоо үчүн 7 млн евро (648,7 млн сом) өлчөмүндө гранттык каражаттарды которду.
Аталган гранттык колдоо Кыргыз Республикасындагы мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана жынысына, улутуна, тилине карабастан бардык балдар үчүн мектептик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган.
ЕБнын жардамы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин технология, инженерия жана математика (STEM) тармагындагы ишин колдоого, тактап айтканда, санариптик сабаттуулукту, медиа сабаттуулукту жана жашыл көндүмдөрдү жайылтууга багытталып, окуучулардын келечектеги жашоосуна натыйжалуу даярданууга өбөлгө түзөт.
7 млн евро суммасындагы транш 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн ЕБ тарабынан бөлүнгөн 27 млн евронун алкагындагы экинчи төлөм болуп эсептелет.
ЕБ Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашырууда негизги өнөктөштөрдүн бири болуп саналат.
Комментарийлер