ЕВРОПА БИРИМДИГИ КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН КОЛДООГО 32 МЛН ЕВРО БӨЛӨТ
- 06.04.2022
- 0
Бүгүн, 6-апрелде “КРнын билим берүү секторунда реформаларды жүргүзүүгө контракт” программасы боюнча Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашууга кол коюлду.
Аталган макулдашуунун алкагында Европа Биримдиги Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине 32 млн евро өлчөмүндө грант бөлүп берет, анын ичинен 27 млн евро өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого, 5 млн евро кошумча колдоого жумшалат.
Европа Биримдигинин жардамы Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык инклюзивдик жана адилеттүү сапаттуу билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу менен билим берүү секторун реформалоону улантууга көмөктөшүүгө багытталган.
Бөлүшүү
Комментарийлер