Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына гранттык негизде 7 миллион евро бөлдү
- 10.10.2023
- 0
Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына гранттык негизде 7 миллион евро (665 миллион сом) которду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, 7 миллион евролук транш Евробиримдик 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн бөлгөн 27 миллион евронун бир бөлүгү гана.
Финансы министрлиги бул транштан түшкөн каражатты мындан ары билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуу китептерин сатып алууга жана бардык мектептерде интернет менен камсыздоого жумшоону пландоодо.
«Баарына жеткиликтүү билим берүү системасы Кыргызстандын өкмөтү менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыктын негизги приоритети болуп саналат. Бул жардам Евробиримдиктин өлкөнүн өнүгүүсүн колдоо боюнча милдеттенмесин чагылдырат”, — деп билдирет Евробиримдиктин элчиси Мэрилин Жозефсон.
Комментарийлер