«ЕВРАЗИЯЛЫК ӨЗГӨРҮҮ» — АЛДЫҢКЫ АДИСТЕРДИН ТАЖРЫЙБА БӨЛҮШҮҮ АЯНТЧАСЫ

  • 25.08.2025
  • 0

 Москва шаарында өткөн ири масштабдагы эл аралык педагогикалык кеңешмеге кыргызстандык 200дөн ашык мыкты агартуучулар барып катышып келишти.

«ЕВРАЗИЯЛЫК ӨЗГӨРҮҮ» - АЛДЫҢКЫ АДИСТЕРДИН ТАЖРЫЙБА БӨЛҮШҮҮ АЯНТЧАСЫ

«ЕВРАЗИЯЛЫК ӨЗГӨРҮҮ» - АЛДЫҢКЫ АДИСТЕРДИН ТАЖРЫЙБА БӨЛҮШҮҮ АЯНТЧАСЫ

Ар кайсы мамлекеттерден келген миңдеген мугалимдер заманбап чакырыктарга жооп берүүдө өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, Евразия континентинде бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү максатында тажрыйба алмашып, билим куржунун толтуруп кайтышты.

«ЕВРАЗИЯЛЫК ӨЗГӨРҮҮ» - АЛДЫҢКЫ АДИСТЕРДИН ТАЖРЫЙБА БӨЛҮШҮҮ АЯНТЧАСЫ

«ЕВРАЗИЯЛЫК ӨЗГӨРҮҮ» - АЛДЫҢКЫ АДИСТЕРДИН ТАЖРЫЙБА БӨЛҮШҮҮ АЯНТЧАСЫ«ЕВРАЗИЯЛЫК ӨЗГӨРҮҮ» - АЛДЫҢКЫ АДИСТЕРДИН ТАЖРЫЙБА БӨЛҮШҮҮ АЯНТЧАСЫ

— Бул ири иш-чарага Кыргыз Республикасынан 200дөн ашык педагог катышты. Алардын катарында «Жылдын мыкты мугалими – 2025» сынагынын жеңүүчүлөрү да бар. Алсак, Талас облусунан «Жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү форумга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул – кыргыз мугалимдеринин кесипкөйлүгүн жана эмгегинин бааланып жатканынын далили, — дейт талас облустук усулдук борбордун директору Салтанат Бейшенова.

Бул форумга Токмок шаарындагы №7 орто мектебинин англис тили мугалими Мээрим Сейдебашева да катышып келди.

Мээрим Кубанычбековна «Жылдын мыкты мугалими — 2025» сынагынын облустук этабында 1-орунду ээлегендиги үчүн форумга катышууга мүмкүнчүлүк алган.

«ЕВРАЗИЯЛЫК ӨЗГӨРҮҮ» - АЛДЫҢКЫ АДИСТЕРДИН ТАЖРЫЙБА БӨЛҮШҮҮ АЯНТЧАСЫ

— Бул чоң жетишкендик — эмгекчилдиктин, чыгармачылыктын жана кесипкөйлүктүн жемиши. Сизге жаңы идеяларды, келечекке карай ишенимдүү кадамдарды каалайбыз! — дешет кесиптештери.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер