ЕВРАЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ НООРУЗ ШАҢЫ

  • 20.03.2024
  • 0

ЕВРАЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ НООРУЗ ШАҢЫ

ЕВРАЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ НООРУЗ ШАҢЫЕвразия эл аралык университети,  Эл аралык медицина университети жана Медициналык-фармацевтикалык колледжинде Нооруз майрамы чоң салтанат менен белгиленди.

Улустун улуу күнүнүн урматына арналган иш- чарага Кыргыз эл баатыры Миталип Мамытов баштаган окумуштуулар, коомдук ишмерлер катышып, студенттерге ак баталарын беришти. Аталган окуу жайдын негиздөөчүсү, белгилүү окумуштуу, академик Кубанычбек Жумалиев өз сөзүндө окуу жайдын азыркы абалына токтолуп өттү.

-Учурда университетибизди заманбап жабдуунун үстүндө тынымсыз иш алып барып жатабыз. Чет жактан окуганы келген студенттер биздин берген билимге, түзгөн шартыбызга ыраазы болушууда.  Максат милдетибиз-  натыйжалуу, сапаттуу окутуу аркылуу студенттерибизди жогорку кесиптик чеберчиликке жеткире даярдоо.  Жакынкы жылдарда окуу жайыбыздын филиалдарын алыскы чет өлкөлөрдө да ачууну пландап жатабыз, -деди К.Жумалиев.

Нооруз майрамы андан ары сүмөлөк кайнатуу менен уланды. Студенттердин катышуусунда чоң программадагы концерт да тартууланды. Мындан тышкары улуттук оюндар, кыргыз наркына байланышкан салт санаалар көрсөтүлдү. Кыргыз даамы менен бирге Индия, Пакистан элинин ашканасы коюлуп, мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө  окуу жайдын белектери ыйгарылды. Ошентип, университетте Нооруз майрамы ар түрдүү маданияттарды жана улуттарды ынтымактуу, шаңдуу жана майрамдык маанайда бириктирүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк болду.

(Өз кабарчы)

ЕВРАЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ НООРУЗ ШАҢЫ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер