ЭВЕРЕСТТИ БАГЫНДЫРГАН АЛЬПИНИСТ — “ОШМУГА ДАҢК” МЕДАЛЫНЫН ЭЭСИ

  • 02.11.2021
  • 0

Эверест чокусун багындырган алгачкы кыргыз альпинист Эдуард Кубатов ОшМУнун жамааты, студенттери менен жолугуп баарлашты.

Эдуард Кубатов Ош шаарына анын ичинде ОшМУга келгенине кубанганын, университет ага өзгөчө таасир бергенин айтты. Ошондой эле Эверест чокусун багындыруу канчалык эмгекти талап кылганын, алдыдагы пландары менен бөлүштү.

Альпинист студенттердин суроолорна жооп берди. Ректор Кудайберди Кожобеков Эдуард Кубатовго окуу жайдын “ОшМУга даңк” медалын тапшырды.

Эдуард Кубатов жаштарды  мекенди сүйүүгө, өлкөнү өнүктүрүү үчүн талбай эмгектенүүгө,максатка жетүүдө тынымсыз аракет жасоого чакырды.

Кубатов Эдуард 1972-жылы 2-январда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кудургу айылыда төрөлгөн.

1996-жылы Кыргыз улуттук университетинде «Юриспруденция» адистигине ээ болгон жана Россия Федерациясынын сырткы чалгындоо Академиясын бүтүргөн.

2014-жылдан баштап Робуст Ресурсес Лимитед компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору. Өлкөдөгү алтын өндүрүү долбоорлорун жетектейт, Эл аралык бизнес кеңешинин мүчөсү жана Кыргыз-Россия экономикалык кеңешинин төрагасынын орун басары.

2013-жылдын 13-февралында Түштүк Американын Аконкагуа тоосуна Кыргызстандын желегин орноткон. 2021-жылдын 23-майында 8848 метр бийиктиктеги Эверест чокусун багындырган. Андан сырткары, бокс, көк-бөрү улуттук оюну жана триатлон (2017-жылы Абу-Дабидеги дүйнө кубогунун катышуучусу) менен алектенет. Эдуард Кубатов менеджер, ишкер, алтын казуучу, дипломат жана КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин мурдагы кызматкери.

Бөлүшүү

Комментарийлер