ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАРГА 75 БЮДЖЕТТИК ОРУН БАР

  • 10.09.2020
  • 0

Жыл сайын этникалык кыргыздар үчүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан 75 бюджеттик орун бөлүнөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жашаган этникалык кыргыздар үчүн 25 бюджеттик орун, Өзбекстанда жашагандар үчүн — 20, Тажикстан — 15, Түркия, Казакстан жана Кытайда жашаган этникалык кыргыздар үчүн беш орундан берилет.

Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда жашаган этникалык кыргыздардан 17 өтүнмө, Өзбекстандан — 40, Тажикстандан — 20дан ашык өтүнмө келип түшкөн. Ал эми Өзбекстанда документтерди кабыл алуу 15-сентябрга чейин жүргөндүктөн, дагы өтүнмөлөр түшүшү ыктымал.

Чынара Мааткеримованын айтымында, бюджеттик орундар үчүн сынак 15-сентябрда өтөт.

«Жыл сайын документтерди министрлик кабыл алып, сынак Кыргызстанда өткөрүлчү. Быйыл пандемияга байланыштуу чек аралар жабык болгондуктан, документтерди аталган өлкөлөрдөгү элчиликтерибиз кабыл алышып, сынактарды да өткөрүп беришмекчи. Алар бизге сынактан өткөндөрдүн тизмесин жөнөтүшүп, алар бюджеттик орундарга кабыл алынат», — деди ал жолугушууда.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер