ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР ЖОЖДОРДО АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛА АЛАТ

  • 10.08.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын жогорку окуу жайларында акысыз окуу үчүн бюджеттик орундарга сынак жарыялайт. Сынакка этностук кыргыздар – Тажикстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Казакстан республикаларынын жарандары катыша алышат.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди бериши кажет:

  1. Министрдин орун басарынын атына арыз.
  2. Анкета.
  3. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (эгер талапкер паспорт ала элек болсо, ошол учурда) орус тилине же кыргыз тилине которулуп, нотариустан тастыкталган көчүрмөсү.
  4. Тиркемелери менен кошо билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) орус тилине же кыргыз тилине которулуп, нотариустан тастыкталган көчүрмөсү.
  5. Билим деңгээли тууралуу маалым кат (Казакстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын жарандарынан башкаларга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде берилет).
  6. Үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалым кат.
  7. Талапкерлердин академиялык чөйрөдөгү жетишкендиктерин тастыктай турган сертификаттар, грамоталар, дипломдор.
  8. 086-у медициналык маалым каты.
  9. ВИЧ/СПИД жоктугу тууралуу маалым кат.
  10. 3х4 см 6 сүрөт

Этностук кыргыздардын – Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет мамлекеттердин жарандарынын документтерин кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2021-жылдын 30-августуна чейин жүзөгө ашырылат.

Документтерди төмөнкү дарек боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кагаз жүзүндө берүүгө болот: Бишкек шаары, К. Тыныстанов көчөсү, 257, Эл аралык кызматташуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү бөлүмү, тел.: +996 312 621519, күн сайын саат 14:00дөн 17:30га чейин.

Көңүл буруңуздар!

Документтери толук эмес болгон же болбосо документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин берилген өтүнмөлөр каралбайт!

Тажикстан, Өзбекстан, Түркия республикаларынын аймагында жүргөн этностук кыргыздардын документтерин кабыл алуу ошол өлкөлөрдүн аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын элчиликтери тарабынан жүзөгө ашырылат.

  • Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 2021-жылдын 30-августуна чейин.

Кабыл алуу убактысы: саат 14.00дөн 16.00гө чейин.

Кошумча маалымат үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Ташкент шаары, Мирзо-Улугбек району, Ниёзбек йули көчөсү, 6-проезд, 30-үй, тел.: +998 712374796, +998 909009214, e-mail: [email protected]

  • Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 2021-жылдын 30-августуна чейин.

Кабыл алуу убактысы: саат 14:00дөн 16:00гө чейин.

Кошумча маалымат үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Дүйшөмбү шаары, С. Носиров көчөсү, 56 «А», тел.: +992 887782223, e-mail: [email protected]

  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 2021-жылдын 25-августуна чейин.

Кошумча маалымат үчүн Элчиликтин атташеси Бакытбек Бегимайга 0312 491 35 06 (07) телефон номери же [email protected] электрондук почтасына кайрылууну суранабыз.

Арыздын жана анкетанын формасын, ЖОЖдордун жана багыттардын тизмегин көчүрүп алуу үчүн төмөнкү шилтемеге баш багыңыз: https://edu.gov.kg/announcements/10/

 

Бөлүшүү

Комментарийлер