ЭС АЛУУ УЧУРУНДА ОКУУЧУЛАР АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨНҮШТҮ

  • 19.01.2020
  • 0

Кочкор районунун Кара-Суу айылында жаңы жылдын алгачкы он күнүндө Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебинин окуучулары үчүн “Акыл – Билек – English” аталышындагы он күндүк лагерь уюштурулду.

“Кара-Суу жаштар уюму” коомдук фондунун демилгеси менен “Кыргыз жаш күч” коомдук бирикмеси ишке ашырган долбоордун максаты окуучуларга англис тилин үйрөтүү жана алардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу болду.

11-январда долбоор расмий жыйынтыкталып, окуучулар өздөштүргөн билимин ата-энелер жана мугалимдерге англис жана кыргыз тилдеринде баяндама жасап, ыр-бий аткаруу менен далилдешти.

Баяндамада айылдагы социалдык жана экономикалык жетишкендиктер жана көйгөйлүү маселелер, мектептеги жетишкендиктер тууралуу, ошондой эле билим сапатын жогорулатууда өз ойлорун билдиришти.

Жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан ыраазычылык кат, баалуу белектер тапшырылды.

Д.Айдарбеков, Кочкор району

Бөлүшүү

Комментарийлер