ERIK долбоорунун алкагында Баткенде 5 мектеп модернизацияланат
- 19.02.2025
- 0
Дүйнөлүк Банк тарабынан каржылаган “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында Баткен облусунда 5 мектеп модернизацияланат. Алардын бири Кадамжай районундагы Сары-Алтын мектеби. Анын курулуш иши 2024-жылдын август айында башталган. Ошого байланыштуу окуучулар жакын аралыкта жайгашкан А. Орозбеков атындагы жана №25 «Айрыбаз» мектептеринде убактылуу кɵчүрүлгөн.
Жаңы курулган мектеп жер титирөөлөргө туруштук берет жана электр энергиясын үнөмдүү сарптайт. Жаңы имараттар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ыңгайлуу шарттар менен курулуп, санитардык-гигиеналык шарттарын камтыйт.Мектеп гана эмес имараттын короосу да көрктөндүрүлүп, видеобайкоо системалары коюлат.
Сары-Алтын мектеби тууралуу маалымат:
Мектептин имараты Баткен облусунун Кадамжай районунун Сары-Алтын айылында Өзбекстан менен мамлекеттик чек арадан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Имарат 1987-жылы курулуп, алгач дүкөн катары колдонулган. 2001-жылы мектеп катары колдонууга берилген. Мектептин эски имараты 140 окуучуга эсептелип, анда учурда 553 бала билим алууда.
Жаңы имараттын аянты 2642,41м2 түзөт. Эки кабаттуу имарат 275 окуучуга ылайыкталган.. Анда 16 окуу кабинети, 10 даараткана, спорт залы, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайы жабдылган физика жана химия кабинеттери каралган. Ошондой эле жаңы мектепке саркынды сууларды тазалоочу курулмалар орнотулат. Имарат мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып, пандустар жана лифт жана желдетүү системасы отнотулат.
Сары-Алтын мектебиндеги курулуш иштеринин прогресси тууралуу маалымат:
А блогунда экинчи кабаттын дубалдарын көтөрүү иштери аяктап, чатырды орнотуу боюнча иш-чаралар башталды. Ушул эле блокто электр зымдарын орнотуу жигердүү жүргүзүлүп жатат,. Ошол эле учурда Б блогунун биринчи кабатын жабуу иштери улантылууда.
2025-жылы Баткен облусунда дагы 2 мектептин курулушу башталмакчы.
У.Исаков атындагы жана №55 “Достук” мектептеринин жаңы имараттарын курулушун баштоо алдында турат.
19-февралда «Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун өкүлдөрү «ЭААС» компаниясы менен биргеликте аталган мектептерге барып, технико-экономикалык негиздеменин долбоорлорун мектеп жана ата-энелер комитеттери, ошондой эле жергиликтүү калк менен талкуулоо ɵттү.
У.Исаков атындагы мектеп Кадамжай районунун Исфайрам айылында, №55 — «Достук» мектеби Кадамжай районунун Көк-Тал айылында жайгашкан.
Долбоордун алкагында Баткен облусунда 5 мектеп катышууда: Сары-Алтын мектеби, У.Исаков атындагы мектеп, А.П.Гайдар атындагы мектеп (Кызыл-Кыя ш.), №22 «Достук» мектеби, № 31 Б.Алыкулов атындагы мектеп.
Жалпысынан долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен 40 мектеп курулат жана реконструкцияланат.
Комментарийлер