ЕРЕВАНДАГЫ COP17 САММИТИ: ТОО КҮН ТАРТИБИ ЖАНА «БИШКЕК+25»
- 28.10.2026
- 0
Армениянын Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясы (COP17) өтүүдө.
196 өлкөдөн 15 миңдей өкүл катышып жаткан бул эл аралык жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоо күн тартиби боюнча Атайын өкүлү Динара Кемелова баштаган кыргыз делегациясы да жигердүү катышууда. 
Конференциянын алкагында 26-октябрда ЮНЕП, ФАО жана Тоо өнөктөштүгү тарабынан уюштурулган Тоо экосистемалары күнү (Mountain Ecosystems Day) өттү. Иш-чарага тоолуу өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышып, тоолордун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, экосистемаларды калыбына келтирүү жана каржылоо булактарын тартуу маселелерин талкуулашты. 
Жыйынтыктоочу сессияда сөз сүйлөгөн Динара Кемелова тоо экосистемаларын сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди конкреттүү чараларга айландыруу зарылдыгын белгилеп, катышуучуларды 2027-жылдын 21–23-октябрында Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине чакырды. Ошондой эле Кыргызстандын мамлекет башчысы СОР17 Саммитинде көтөргөн Глобалдык экологиялык фонддун алкагында тоолорго арналган атайын программа түзүү, Бишкекте Глобалдык тоо туруктуулугу борборун ачуу жана Ысык-Көлдү сактоо үчүн БУУнун эгидасы астында трасттык фонд уюштуруу демилгелерине өзгөчө көңүл бурулду. 
Мындан сырткары, кыргыз делегациясы биологиялык ар түрдүүлүккө мониторинг жүргүзүү боюнча Ереван технологиялык борборун ишке киргизүүгө арналган жолугушууда тоолуу өлкөлөргө каржылык ресурстарды тартуу маселесин көтөрдү. Атайын өкүл Д. Кемелова COP17тин алкагында Испания, Андорра, Греция, Панама, Польша, Норвегия, Камбоджа, Филиппин жана Сауд Арабиясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, «Бишкек+25» саммитине катышуу жана кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулады.
А.К., «КБ»