«ЭРАЙЫМДЫН» БЕЛЕГИ

  • 01.11.2018
  • 0

Базар-Коргон районундагы  “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан германиялык “Дүйнөгө нан” уюму колдоого  алган “Салттык жана заманбап  усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндөгү элдердин ынтымагын, достугун, биримдигин  бекемдөө” долбоорунун негизинде  уюшулган  Эне мектептерине муздаткыч жана электр-газ плитасы белек катары тартууланды.

«ЭРАЙЫМДЫН» БЕЛЕГИ

Нургүл Нуралиеванын берген маалыматына таянсак, иш чара Базар-Коргон айыл аймагынын жыйындар залында өткөрүлдү. Иш-чарага эне мектептеринин жетекчилери, тарбияланып жаткан жаш балдардын ата-энелери, өз жардам топторунун мүчөлөрү, ошондой эле  “Эрайымдын” өнөктөштөрү болгон Базар-Коргон райондук  мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Адышева Замира, райондук билим берүү бөлүмүнүн  жетектөөчү адиси Нүргүл Нуралиева, Акман айыл өкмөтүнүн социалдык адиси Динара Мойдунова, Базар-Коргон айыл аймагынын өкүлү Амирбек Атакулов, ошондой эле “Эрайымдын” Бишкектеги жана Базар-Коргондогу өкүлдөрү катышты.

  • “Эне мектептерине” берилген белек 2-ноябрда өтүүчү Базар-Коргондун 100 жылдык юбилейине карата “Эрайымдын” кошкон салымы деп эсептейм. Себеби белектерди алган эне мектептериндеги кызматкерлер жана тарбияланып жаткан жаш балдар биздин жашоочулар. Мындан ары да бул уюмдун иштери ийгиликтүү болуу менен бирге эң жөнөкөй катмардагы элге көп-көп ушундай жардамдарды берип туруусун каалайм,” — деди өз сөзүндө  Базар-Коргон райондук  мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Замира Адышева.

Иш-чаранын акырында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Жусупова Ракыя муздаткыч менен электр-газ плитанын сертификаттарын тапшырды. Көпчүлүк эне мектептеринин жетекчилери да сөз алышып, германиялык “Дүйнөгө нан” жана кыргызстандык “Эрайым” уюмуна чоң ыраазычылыктарын билдиришти.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер