ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫРДААЛДАН УЛАМ 172 МЕКТЕП КАРАНТИНГЕ ЖАБЫЛДЫ

  • 14.12.2022
  • 0

2022-2023-окуу жылында түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республика боюнча жалпы 172 билим берүү мекемеси карантинге жабылды.

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫРДААЛДАН УЛАМ 172 МЕКТЕП КАРАНТИНГЕ ЖАБЫЛДЫ

Анын ичинде Чүй облусунан – 32, Талас облусунан – 111, Ысык-Көл облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 6, Ош облусунан – 12 жана Бишкек шаарынан – 8.

Чүй облусу:

Панфилов району – 3

Жайыл району – 8

Сокулук району – 6

Аламүдүн району – 12

Ысык-Ата району –1

Кемин району – 2

Ысык-Көл облусу:

Каракол шаары –  3

Талас облусу:

Талас шаары – 10

Талас району – 30

Бакай-Ата – 23

Кара-Буура – 27

Манас району – 21

Жалал-Абад облусу:

Кара-Көл шаары – 6

Ош облусу – 12

Бишкек шаары – 8

Карантин учурунда окуу онлайн форматка өткөрүлөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Жергиликтүү санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору карантинге жабуу тууралуу бүтүм чыгарган мектеп жана бала бакчалар гана карантинге жабылат.

Белгилей кетсек, өлкөдө 2357 жалпы билим берүү мекемеси бар.

Бөлүшүү

Комментарийлер